Ушул жылдын 2-(бейшемби), 3-(жума) жана 6 (дүйшөмбү)-январь иш күндөрү 11-18-25-январь (ишемби) эс алуу күндөрүнө жылдырылды.
Мындай чечим КРнын Эмгек кодексиндеги 113-беренеге ылайык дем алыш күндөрдү жана майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында” кабыл алынган.
КРнын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык график боюнча беш күн иштеп, эки күн эс алган уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.
Мындан улам кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышат, андан кийин үч ишемби күндөрү катары менен иштешет.
«Эл жарчысы»