ЖАҢЫЛЫКТАР

Баткен облусу 1-15 июлдагы кабарлар Азаттык Үналгысынан

el_kdm_001Аркадагы мунай кени боюнча эки тараптуу жолугушуу өтөт
Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» билдиришти.
Лейлек районунун Жаӊы-Жер айыл округунун Арка айылына жакын жерден Тажикстан 1980-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан өткөн жумада кыргыз чек арачылары кошуналарды чыгарган. Тажикстан болсо 80-жылдары түзүлгөн макулдашуу бар деп ооз эки билдиришкен. Бул маселе боюнча 3-июлда облустук деӊгээлде эки тараптуу жолугушуу өтөт. Жыйындан кийин бул жердеги мунай куурларынын макамы аныкталып, кандай шартта ким иштетиши ачыкталмакчы.

Жергиликтүү тургундар болсо чек арага жакын жерлерден кошуна өлкөлөр иштетип жаткан аймактарды Кыргызстанга өткөрүп алууну же болбосо тендер менен берип өлкө казынасына салык төлөтүүнү талап кылышууда.

Эскерте кетсек, Арка аймагынан Тажикстан өндүрүп жаткан мунайдан сырткары Бүргөндү аймагынан да Өзбекстан суткасына 20 тоннадай мунай өндүрүп, газ сактоо үчүн жер астынан пайдаланып жаткан 1,5 миӊ гектардай жердин салыгы үчүн эле 700 млн. сомдон ашуун карызы бар экени, аны өндүрүү үчүн жеригиликтүү бийликтин кайрылууларына Өзбекстан жооп бербей жатканы айтылып келет.(JsA)
http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130702/828/828.html?id=25033905

Чек арадагы айылдардын жаштары өлкө жетекчилигине кайрылуу жасашты

Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарында жашаган жаштар президентке, өкмөт башчысына чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү зарылдыгын эскертишти.

Анда акыркы учурда чек арада кырдаал татаалдашып, ар түрдүү жаӊжалдар тез-тез кайталанып жатканы белгиленип, ошондой эле Өзбекстан, Тажикстандын чек арачылары тактала элек аймактарга улам кирип, кыргызстандыктарга кысым жасап жатат деп айтылат. Буга мисал катары акыркы учурда өзбек чек арачыларынын Кыргызстан аймагына кирип бир атуулду атып кетиши, тажик чек арачылары Лейлек районунун Көк-Таш айылына жакын жерде талаштуу аймакта да Кыргызстан жарандарына кысым жасап жатканы бир нече мисалдар менен көрсөтүлгөн.(JsA)

http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130702/828/828.html?id=25033909

Баткен облусун реформалоо маселеси талкууланат

Баткен облусун реформалоо боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы 5-июлда облус активи жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуп, демилгени талкуулашат. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» бүгүн билдиришти.

Жогорку Кеңештин 13-июнундагы жыйынында “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Арипов Баткен облусун жоюуну, андагы Баткен жана Лейлек райондорун түздөн-түз өкмөттүк башкарууга өткөрүүнү сунуштаган болчу. Сунушка ылайык Баткен облусун административдик жактан реформалоо боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Агa ар бир фракциядан экиден депутат кирген.

Бул демилге коомчулукта талкууга алынып, нараазы болгондор чек аралаш аймакта абал начарлап жаткан чакта мындай реформа терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдиришкен болчу.

http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130704/828/828.html?id=25036307

Баткенди реформалоо боюнча жыйын өтөт

Бүгүн Баткен облусун реформалоо боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы облус активи жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, аталган демилгени талкуулайт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Назарали Арипов Баткен облусун жоюуну, андагы Баткен жана Лейлек райондорун түздөн-түз өкмөттүк башкарууга өткөрүүнү сунуштаган. Бул сунуштун негизинде, Баткен облусун административдик жактан реформалоо боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бул демилге коомчулукта талкууга алынып, нааразы болгондор чек ара аймагында абал начарлап жаткан чакта мындай реформа терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдирип келишет. (JsABkA)

http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130705/828/828.html?id=25037038

Баткенди реформалоого көпчүлүк каршы

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар Баткенди облус катары жоюп жиберүүгө каршылыгын бүгүн Баткенди реформалоо боюнча жыйында айтышты. Алар Баткен бир жагынан Өзбекстан, бир жагынан Тажикстан менен чектешип турган аймак катары облустук макамга ээ болуп турганы маанилүү деп бекемдешүүдө.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Баткенди реформалоо боюнча түзүлгөн атайын комиссиясы аймакка барып, жыйын өткөрдү. Ага жергиликтүү бийликтен өкүлдөр, облустук, шаардык кеңештердин депутаттары, облустун тургундары катышты.
Баткенди облус катары жоюп, Баткен жана Лейлек райондорун республикага түз каратууну, ал эми Кадамжай району менен Кызыл-Кыя шаарын Ош облусуна кошуу демилгесин ЖК депутаты Назарали Арипов көтөргөн болчу. Бул демилге боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.(JsA/ZKo)

http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130705/828/828.html?id=25037155

Баткендеги мунай кууру боюнча сүйлөшүү өтөт

Ушул аптада Баткендеги Катта-Туз аймагындагы мунай кени боюнча кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Кыргызстандын аймагында жайгашып, бирок акыркы 30 жылга жакын мезгилден бери Тажикстан иштетип келген мунай кени боюнча 3-июлда облустук деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес. Анда мунай куурларынын макамы аныкталган эмес. Мындан улам бул жолку жолугушууда мунай куурларынын кимге тиешелүү экени жана макамы аныкталары күтүлүүдө.

Аталган жерден Тажикстан 1980-жылдардан бери мунай өндүрүп келген. Аймак Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан мурдараак кыргыз чек арачылары кошуналарды чыгарган. Тажикстан болсо 1980-жылдары түзүлгөн макулдашуу бар экенин оозеки эскертип келет. Жергиликтүү тургундар кошуна өлкөлөр иштетип жаткан аймактарды Кыргызстанга өткөрүп алууну же тендер аркылуу иштетип өлкө казынасына салык төлөтүүнү талап кылышууда.(JsABkA)

http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130708/828/828.html?id=25039221

Баткен – Исфана унаа жолу жакында курула баштайт

Баткен – Исфана унаа жолун куруу иштери жакын арада башталат. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда унаа жана байланыш министри Калыкбек Султанов билдирди.

Ошондой эле Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарын байланыштыра турган жаңы унаа жолду куруу долбоору тууралуу да сөз болду.

Министр Бишкек – Торугарт, Түп – Кеген, Ош – Баткен унаа жолдорун оңдоо иши кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат берди. (

Ош – Исфана жолуна каражатты Европа реконструкция жана өнүгүү банкы грант түрүндө берүүгө макул болгон. (RK)

http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130708/828/828.html?id=25039633

Ош – Баткен – Исфана жолунун кезектеги бөлүгүн оңдоо башталат

Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоо долбоорунун алкагында бүгүн кезектеги бөлүгүндө курулуш иштери башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Унаа жана байланыш министрлигинен кабарлашты.

Аталган жолдун жалпы узундугу 360 чакырым. Анын Пүлгөндөн Баткенге чейинки 120 чакырымы мурда оңдолуп бүткөн.

Курулушу бүгүн башталып жаткан бөлүк Жаңы-Жер айылынан Исфанага чейинки аралыкты камтыйт. 91 миллион долларлык каражатты Кытайдын Экспорт-импорт банкы бөлүп берген. (RK)

http://www.azattyk.kg/archive/ky-news/20130712/828/828.html?id=25044132

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы