ЖАҢЫЛЫКТАР

Мигрант эсиңде болсун!

el_kdm_001Эмгек мигранттарына пайдалуу кеңештер (юристтин сунуштамалары)

Көпчүлүк эмгек мигранттары туугандары же досторунан тигил же бул шаарда жумуш бар экен деп угуп, Россияга жөнөөрү жашыруун эмес. Тааныштарынын жакшы жерге ишке орношууга жардам берем деген убадасына ишенип жолго чыккандар дагы аз эмес. Бирок минтип алыска жөнөгөн болбойт. Россиянын көптөгөн аймактарынын интернетте өздүк электрондук баракчалары бар. Анда алар кандай жумушчулар керек экенин, бош кызматорундарынын тизмелерин көрсөтүшөт. Бул маалыматтарды Россиянын ФМК Кыргызстанда төмөнкү дарек боюнча жайгашкан өкүлчүлүгүнөн табууга болот: Бишкек ш. , Радищев көч.7. Россияга сапарга чыгууга даярданып жатып, өкүлчүлүккө келгиле да, өзүңөргө керектүү маалыматтарды сурап алгыла. Кандай гана болбосун, РФнын тигил же бул аймагы жана анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтар силер үчүн пайдалуу болот.

Россияда ишке орноштурууну ар кыл уюмдар сунушташат, арбын эмгек акы жана азгырыктуу шарттарды убада кылышат. Жолго чыкканда абдан сак болгула: Кыргызстандагы эмгекке орноштуруу жана жумуштуулук борборуна же “Замандаш” Ассоциациясына телефон чалгыла. Жалдоочунун ишкер беделин, анын ишинин мыйзамдуулугун текшерип көргүлө. Жаман ниеттүү жумуш берүүчүлөргө же андан жаманы – эмгек кулчулугуна кабылып калбаш үчүн зарыл. Өкүнүчтүүсү мындай учурлар да болгон.

РФнын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине келиңиздер жана Россияга кирүү жана жүрүү маселелери боюнча кеңештерди алыңыздар. Эсиңиздерде болсун, сиздер РФга кирүү үчүн зарыл болгон документтерди Кыргызстанда жашаган жериңиздер боюнча топтооңуздар керек. Документтердин тизмесин РФ элчилигине же консулдугуна болуп келгенден кийин түзгүлө.

Биз кызматташуу үчүн дайым даярбыз жана Ассоциациянын иштерине катышууга чакырабыз. Россия жана Казакстандын кыргыз диаспораларынын “Замандаш” Ассоциациясы сиздерге кызмат кылат.

Биздин дарек: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 549-үй

Тел.факс: +996 312 32 16 36

Эл.дарек: i.association.k@gmail.com

Сайт: www.zpress.kg.  www.kc.kg

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы