ЖАҢЫЛЫКТАР

Чек арачыларга кылмыш иши козголду

el_kdm_001Облусубуздагы КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022 чек ара аскер бөлүгүндөгү кызматтык жылкыларга жана  көмөкчү чарбасына дагы  мал жандыктарга текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2 жылкы, 4 уй, 5 эчкилердин жетишпестиги аныкталган.

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын билдирүүсүнө ылайык,   2022 чек ара аскер бөлүгүнүн кызмат адамдары, кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке жалпы суммасы 86 миң 330 сом зыян келтирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы