КООПСУЗДУК

«ЭНЕ МЭЭРИМИ» АКЦИЯСЫ АЙДАРКЕНДЕ

«ЭНЕ МЭЭРИМИ» АКЦИЯСЫ АЙДАРКЕНДЕ
Жакында Айдаркен шаарында шаардык мэрия жана №2023 Айдаркен чек ара отряды менен биргеликте “Эне мээрими” акциясын өткөрдү. Акцияга Айдаркен шаарынын мэри Мукумов Момунжан Мукумович, Баткен облусунун аймактык чек ара башкармалыгынын зардалы, полковник Жээнбаев Кубатбек Артыкбаевич, Айдаркен №2023 чек ара отрядынын саркери, полковник Жаббаров Жеңиш Зулпидинович, Айдаркен шаардык аялдар Кеңеши, орто мектептер, “Умай-Эне” тобу, шаардагы энелер, Айдаркен маданият үйүнүн кызматкерлери жана аскерге жаңы чакырылган жаш жоокерлер, жаш жоокерлердин ант берүү аземине алыскы Лейлек, Баткен, Ак Турпак, Кыргыз-Кыштак аймактарынан келген ата-энелер, бир туугандары катышты.
Аталган иш-чара чек ара отрядында уюштурулуп, алгач аскерге жаңы чакыртылган жаш жоокерлердин ант берүү аземи менен башталды. Андан соң жаш жоокерлердин алыстан келген ата-энелери, бир туугандары, жетекчилер менен биргеликте жоокерлердин жатаканасы, жуунучу, тамак ичүүчү, кызмат өтөөчү жайлары менен таанышышты.
“Эне мээрими” акциясына арналган салтанаттын кийинки бөлүгү ыр, бий, башкача айтканда концерттик программа менен уланды. Айдаркен шаарынын мэри жалпы катышуучуларды салтанаттуу бул күн менен куттуктап, чек ара отрядынын бир канча ефрейторлоруна мэриянын Ардак грамотасын тапшырып, акцияга келген энелерге бирден жоолук салды. Концерттик программадан кийин жоокерлерге, чек арачыларга майрамдык дастаркон уюштурулуп, аялдар Кеңеши тарабынан ундан жасалган (нан, каттама, боорсок) продукциялары тартууланды.
Акциянын жүрүшүндө катышуучулар, чек арачылар, жоокерлер менен жергиликтүү калктын өз ара мамилелери жылуу болуп, Ата-Мекенди коргоо үчүн өз ыктыяры менен аскерге келүүчүлөрдүн саны көбөйөөрүн тилешти.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы