КООПСУЗДУК

Айдаркен чек ара отрядынын «Кадамжай» заставасы «Жылдын мыктысы» деп табылды

el_kdm_001
КР УКМКнын Чек ара аскери тарабынан Баткен облусундагы Айдаркен чек ара отряды 2012-жылдын «Эң мыкты чек ара отряды» деп белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрь күнү Ош шаарында УКМКнын Чек ара аскернин коллегиялык жыйынында маалым болду, деп билдирди «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.
Ал эми 2012-жылдын «Эң мыкты чек ара заставасы» болуп Айдаркен чек ара отрядынын «Кадамжай» заставасы табылды.
Маалыматка ылайык, жылдын мыктылары деп табылган отряд жана заставага акчалай белектер ыйгарылды.
Мындан сырткары, Чек ара аскер жетекчилигинин резервдик фондунан жеңүүчү заставага «Нива» үлгүсүндөгү унаа бөлүнүп берилди.
Кызмат өтөөдө көрсөткөн жетишкендиктери үчүн заставанын аскер кызматкерлери акчалай белектерге ээ болушту.

«Баракелде»

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы