Өткөнгө көз чаптырсак эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдарда жалпы элибиз көктөм келиши менен Нооруз майрамын чоң шаң-салтанат менен белгилеп келишкен. Кийинки кездерде болсо жаз менен кошо келген борон чапкындуу ич ара жаңжалдар көкөйүбүзгө көк таштай тийип бүттү.
Жакында районубуздагы Бирлик аймагына караштуу Эшме айылынын эли солгундай түшкөн жаз майрамды жандантып, өздөрүнүн бирдиктүүлүгүн, ынтымактуулугун далилдешти. №54 Эшме орто мектебиндеги камкорчулар кеңешинин төрагасы Үрүстөмов Абдыгапар менен анын орун басары Эшкараева Зеби сыяктуу алдыңкы ата-энелердин уюштуруусу менен жазды утурлап, салтанаттуу Нооруз майрамы өткөрүлдү. Урпактарга жарык нурун чачкан улуу Умай Эне менен касиеттүү Теңир Атанын ак мектепке келиши менен майрам башталды. Ага Бирлик аймак башчысы Бахап Жакыпов, сымап комбинатынын жетекчиси Толубай Салиев сыяктуу бир топ жетекчилер катышты. Ал күнү жакшылыкка багышталган мал союлуп, мектептин айланасына боз үй тигилип, айлана башкача шаңга бөлөнүп турду. Мектептин мугалимдер жааматы менен айылдын тургундары ортосундагы конкурс да көпчүлүктүн купулуна толуп, майрамдын көркүн чыгарды.
Эки тарап тең өз өнөрлөрүн татыктуу көрсөтүп, аба жаңырткан обон созуп ыр ырдашты. Чимирилип бийлеген бийчилери болсо эл ичинде талантуулар өтө көп экендигин дагы бир ирет тастыкташты. Калк арасында учураган кээ бир терс көрүнүштөрдү чагылдырган окуяларды көрсөтүшкөн куудул катышуучулар элдин боорун эзип, жалпыга күлкү тартуулады. Бул күнү элибиздин кызды турмушка узатуу, баланы бешикке бөлөө өңдүү каада-салттары да жаш муундарга көрсөтүлдү. Соңунда эң жакшы оюн көрсөткөн айыл эли жеңүүчү деп табылып, алдыңкы орунга ээ болду. Ошондой эле таланттарын элге тартуулаган Бегай Тажибаева, Данияр Орунбаев, Бурул Ражабалиева сыяктуу мугалимдер, Насиба Рустамова, Гүлхан Эшанкулова, Айнагүл Арзыбаева, Нурсулуу Матраимова өңдүү кыз-келиндер баалуу белектер менен сыйланышты.
Эки тарап ортосунда спорттук оюндар да ойнотулду. Мында Мээргүл Ташалиева, Нургүл Төрөбаева сыяктуу эжейлер эң жакшы оюнчу экендигин далилдеп, мугалимдер биринчи орунга ээ болушту. Алар Эшме айылындагы Кадыралы Жаанов, Замир Жээнбаев, Имар Баев, Пахридин Арапов сыяктуу демөөрчү жигиттер тарабынан берилген 2000 сом акчаны утуп алышты.
Ошентип, Эшме айылынын эли эмгек менен эс алууну айкалыштырган ынтымактуу, өнөрлүү жана демилгелүү экендигин көрсөтө алышты.
Ш.Эгембердиева