МАДАНИЯТ

Кыргыз киносуна – 71 жыл «Кино келди, тукум бериңчи…»

Кырг-киносуна-71-жыл
17-ноябрда кыргыз киносуна 71 жыл толду. Союз маалында кыргыз кинолорунун орду чоң болгон. Ар бир жерлерге барып, кино коюп келишкен.
Кадамжай районунда да кыргыз кинолору тынымсыз “Жаштык” кино театрында көрсөтүлүп келген. “Жаштык” кино театры 1980-жылдын ноябрь айында ачылган. Алтымыштан ашуун кызматкерлер эмгектенип келишкен.
1975-жылдан тарта кино тармагында иштеп келаткан, Учурда “Жаштык” кино театрынын жетекчиси Майликан Курбанкулова “1996-жылга келип бир да кызматкер калбай калган. Эч кандай жардам да болгон эмес болчу. Кинотеатрыбыздын чатырларынан суу өтүп, ахбалы оор болгон. Жакшы Орозбековдун 120 жылдык маарекесине карата толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Буга Орозбеков айыл округу жакындан жардам берди. Азыр кинобу, концерт болобу биздин театр заман талабына жооп берет. Жергиликтүү жана жогорку бийликтен жардамдар болуп келет. Азыр бизде беш кызматкер эмгектенет” дейт.
“Витка” аты менен таанымал В.Витковскийди Кадамжай району тааныса керек. Бул адам районду кыдырып, пленкада кино көрсөтүп жүргөн.
Ошол кезде В. Витковский койгон кинолор, жаштарды патриоттук духта тарбиялаган мааниси бар кинолор эле. Ар бир мектепке барып, ошол кездердеги кыргыз, индия кинолорун койчу. Биздин да 2-3-класс учурларыбызда “Витка келиптир ата пул берчи, болбосо тукум бер, тукумга да киргизе берет” деп шашып барчубуз киного. “Тихоо” деп кыйкырып, кап-караңгыда аппараттын “тырылдаган” үнүндө кино көрүү укмуш болчу.
А азыр технология өнүккөн мезгилде мындай көрүнүш толугу менен жоюлду.
Эмнеси болсо да кино үчүн эмгектенген киноматографтардын эмгеги чоң.

А.Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы