МАДАНИЯТ

Кадамжайлык акындардын адабий кечеси

aitmatov2
Ала-Тоону ааламга тааныткан, заманыбыздын залкар жазуучусу, дипломат Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн урматына, жергебиздин бардык аймактарында, эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү. Мындай демилгени Кадамжай шаарында жайгашкан «Семетей» атындагы лицейдин мугалимдер жамааты менен окучуулары да, чын ыкластан колдошуп, дүйнөлүк жазуучунун туулган күнүн салтанаттуу майрам катары белгилешти. Ошону менен бирге адабият айдыңында, окурмандарга ысымдары аздыр-көптүр белгилүү болгон Кадамжайлык акындар менен жолугушуу кечеси болуп өттү.
Бул адабий кечеге БАТМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмүнүн филология факультетинин окутуучусу, профессор, акын, филология илимдеринин кандидаты Курсан Пахыр Чандеки, коомдук ишмер, акын, үч китептин автору Абдинаби Назарбаев, акын Сражидин Бурханов, обончу жана аткаруучу Салаидин Алмаматовдор катышышты.
Кеченин башталышында элибизди дүйнө жүзүнө тааныткан жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө сөз болуп, окуучулар тарабынан «Тоолор кулаганда» аттуу чыгармасынан театрылаштырган үзүндүлөр тартууланды. Андан кийин Казах эл акыны Мухтар Шахановдун улуу калемгерге багышталган ырлары көркөм окулуп, жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу документалдуу фильм көргөзүлдү.
Кеченин экинчи бөлүгүн жергиликтүү акындар менен жолугушуу салтанаты улады. Акындар Мекенге, туулган-жерге, жаратылышка, улуттук идеологияга арналган ырларын окушуп, поэзия багытындагы окуучулардын суроолоруна жооп беришти. Ал эми обончу С.Алмаматов комуздун коштоосунда кыргыз, түрк, өзбек тилдериндеги ырларды ырдап, адабий кеченин катышуучуларынын көңүлүн ачты. Айрыкча анын акын Абдинаби Назарбаевдин сөзүнө жазылган обондуу ырлары кечени шаңга бөлөдү. Ошондой эле кеченин соңунда, аталган лицейдин 9-классынын окучуусу Нишанов Элчи жана 7-класстын окуучусу Таиров Улукман өздөрү жазган ырларды окуп беришип, акындардын ак батасын алышты.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы