Эл арасында китеп окулбай калды деген пикир көп айтылат. Китептер чыкпай калдыбы десең, басмалардан жаңы китептер чыгып жатат. Бирок, кандай чыгып жатат, окумдуулугу начарбы?, же адамдардын кызыгуусу жоголуп баратабы? Балким кулачын жайган интернет себептүүбү?
Биз Кадамжай райондук борборлоштурулган китепканга баш баксак, окуучулардын китеп окуп жаткандарынын саны көп экенин көрүп кубандык. Азыркы мезгилде интернет чыгып китепканалар бош калды дегени да чындык. Окуучуларга «Китепке кызыгууңардын сыры эмнеде? Интернетке барбайсыңарбы?» деп атайын суроо берип көрсөм. « Интернет да пайдаланабыз, бирок китептин өзүн окуган жакшы, интернетте оюң бөлүнүп ар нерсеге алагды кылат»- деген жооп уктум.
35 жылдан бери ушул китепканада эмгектенип келе жаткан Муралиева Гүлнаранын айтымында, окуучулардын китепке кызыгуусу жакшы экенин айтат.
Б.Айтматов орто мектебинин окуучусу Уланбек кызы Айзада: «Мен Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын окуу үчүн келем. Мектептен кандай тапшырма берилсе, дароо китепканага чуркаймын. Классташтарымда көп келишет. Китептин пайдасын көп экенин билем. Эң чоң байлыгыз китепкана деп айтаар элем »-дейт..
Ушул китепканага дайым келип окуп жүргөн, китеп сүйүүчү огроном Райкан Салиева:
«Окуучулук кезимден барибир окушум керек деп өзүмө катуу талап коюп, китепке болгон кызыгуум арткан. Кудайга шүгүр, азыр жемишин көрүп жатам. Китепкана менин экинчи үйүм. Китепканаларага барып, окуучуларга кеп кеңештеримди айтып турам. , 4-кылымдан тарта адамдын айыл чарбаны кандай пайдалангандарын окуп чыктым. Айыл чарба жөнүндө жетиштүү маалыматтарды алып, практикада пайдаланып жатам»..
Китепкана адамзаттын ата мурасы. Китепканадагы адабияттарды жана маалыматтарды муундан-муундарга сактап жана жайылтып келе жаткан мекеме катары бааланып келсе, учурда замандын талабына ылайык өнүгүү жолуна өтүп, маалымат борборлоруна айланып жаткан учуру. Интернет китепканага терс таасирин тийгизет дебестен, Биздинда райондук китепканабызды маалымат берүү борборлоруна айландырууда компьютердик жабдыктарды сатып алып, интернет байланышы үчүн финансы жактан колдоо керек.. Эгерде ар бир китепкана заманбап китепканага айланып, окурмандарды жаңы маалыматтар менен камсыз кыла баштаса анда коомчулук руханий жактан өсүп, маалыматтуулукка толук жетишээр эле.
Кыргызстандын шахмат боюнча бир канча жолку чемпиону Нуриза Оторбаева менен ой бөлүшсөк төмөнкүлөргө токтолду:
«Китепти көп окусаң, жашоого көз карашың жакшы жакка өзгөрөт. Жан дүйнөңдү байытат. Көбүнчө Пауло Коэльонун китептери диний, философиялык, психологиялык жактан адамды байытат. Шахматка даярдык катары да китеп окууну сунуштаар элем. Ой жүгүртүү өсөт ».
Демек китеп адамдын адам болуп жетилүүсүнө чоң жардамы тиери шексиз. Элибизде «Китеп-билим булагы» деп бекеринен айтылган эмес.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы