2013-жылдын 8-мартында «Жаңы Агым» гезитинин 10-11-сандарында «Жерибизге бейкуттукту, бейпилдикти кимдер ыраа көрбөй жатышат» – деген темада тарых изилдөөчү, Манас таануучу Бейшенаалы Жамгырчиевдин макаласы жарыяланган. Андан сырткары да аталган гезиттин 18-январындагы санына да белгилүү журналист Эсенбай Нурушевдин «Көзкамангейт» – деген маегинде да, орчундуу сөз көтөрүлүп, Гимндин бир куплетин алынып салынууга негиз жок деп, депутаттарга дооматтар коюлган. Ал агайлардын тил боюнча койгон дооматтарына далилдүү жоопторду берип, окурмандарга да түшүндүрүп берүүнү туура көрдүм. Сөз Гимндин текстиндеги «бейкут» – деген сөздүн маанисинде болмокчу. Бул талаш туудурган «бейкуттуктун» маанисине токтолсом, анын терс маани берери, бир топ жылдардан бери, коомчулукта айтылып келген. Азыркы депутаттар жумуш табылбастан эле өздөрүнчө көтөрүшкөн жок. Ал сөз илимий жана этимология жактан далилденген соң кыргыз тилине кайдыгер карабаган элдин талабына ылайык туура маселе болгондуктан көтөрүлгөн. Бирок депутаттар Гимндин бир куплетин алып салгандыгы, бул туура эмес деп эсептейм. Себеби, ырдын логикалык байланыштары бузулуп, анын тарбиялык мааниси да өзгөрүп, кесилген дарак сымал чолтук болуп калды.
Эми макаладагы негизги маселеге токтолуп, андагы жазылган негизсиз мисалдарга кайрылайлы. «Бейкут боюнча жетимиш бешке жакын сөздүн дээрилик бардыгы тескери мааниде – деген, Жогорку Кеңештин депутаты А.Маматалиевдин аныктамасын, турмуш чындыгында, таптакыр туура келбегендиги төмөндөгү үч башка айырмаланып, турган сөздөрдүн маанисинде ачык көрүнүп тургандыгын өзүңүздөр деле баамдай аласыздар.
Биринчи терс маанидегилерине: бейадеп, бейдаарат, бейтаалай, бейжай, бейажал,беймаза, бейбаш, бейпай, бейсаза, бейыйман сыяктуу жыйырмага жакын сөздөрдү атасак болот. Бирок бул сөздөрдүн бардыгы бир өңчөй эле терс маанини туйунтат деп жыйынтык чыгаруу чындыкка ылайык келбей калат.
Экинчи бей менен башталган сөздөрдүн дагы бир тобунун түпкү мааниси жок деген түшүнүккө эч кандай байланыштуу болбостон, заттын (нерсенин) турпатын, абалын, мүнөздөп, адамдардын коомдогу жүрүм турумдарынын, сын-сыпатын, акбалын айкындап турат. Мисалы: бейил, бейне, бейкасам, бейит, бейиш, бейшенби, бейшеп,(шейшеп) бейкут, бейил, бейкуш, (байкуш), бейм (келип калдым бейм). Өзүңүздөр баамдап турганыңыздардай бул сөздөрдүн мааниси жок, (бей) – деген түшүнүктүн эч кандай тиешеси жок экендиги так көрүнүп турат.(Коммиссиянын түшүнбөгөнү мына ушунда жатат.( №1)
Эгер ушул сөздөрдөгү бей –деген аталышты (префикс) жок А. Маматалиев түшүнгүдөй маанисинде түшүнүү керек деп, аны зордук менен сөз түшүнүктөрүнө ой келди таңуулай турган болсок, анда ал сөздөрдүн мааниси түп тамырынан бери өзгөрүп, күлкүлүү, маскара, тантык абалга тушукканга күбө болобуз. Өзүңүздөр деле төмөнкү мисалга көңүл коюп, карап көрүңүздөр. Адамдардын кулк-мүнөзүн түшүндүргөн бейил (пейил) бей жок «ил» «ил» ил жок илбе (не вешай) «бейпил» пил жок.(нет слона) «бейит» бей жок ит жок (нет сабака) коммиссиянын түшүнбөгөнү мына ушунда жатат. (№2)
Үчүнчү бей мүчө менен байланышкан сөздөр «жок» «сыз» – деген мани менен байланыштуу айтылса дагы алар эч кандай терс маанинини түшүндүрбөстөн коомдук көрүнүштөрдүн жана адамдардын жашоо тиричилик шартындагы табийгый ал – акыбалын көрсөтүп турат. Алар «бейкоога», «бейкүнө», «беймарал», «бейбелчек», «бейдарман», «бейал», «бейтааныш». «бейтарап», «бейкапар», « бейнаар», «бейтап».
Мына урматтуу замандаш жогору дагы айтылган үч бөлүктөгү сөз түшүнүктөр, үч башка айырмаланган мазмунда түшүнүк бере тургандыгын жана А. Маматалиевдин коммиссиясынын, анын технолог тилчилеринин эки үч эле сөз оң маанини билдирет –деген сөзү чындыкка коошпогон жалган аныктама экенин өзүңүз деле байкап олтурасыз. Ж.б.у.с бир топ мисалдарды келтирип, «бейкут» деген сөз фарс иран тилинен «bihod» сөз түшүнүгү оошуп келгендигине токтолуп, анын мааниси жайма-жай «тынчтык, жыргалчылык» деп белгилейт. Жогоруда көрсөтүлгөн «бей» менен байланышкан сөздөрдү Бейшенаалы агай үч топко бөлүп, «жок» деген маанини бербейт деп, далилдегиси келген. Анын түшүнүгүндө «бей» менен байланышкан сөздөрдүн биринчи тобу терстик маанини билдирет, экинчи тобу заттын турпатын, абалын мүнөздөйт, үчүнчүсү коомдогу көрүнүштөрдүн жана адамдын жашоо шартындагы табигый акыбалын айкындап тургандыгына токтолот. Мына ушундай түшүнүктү накта сөздөргө механикалык ой жүгүртүү деп айтса болот. Жогорку Кеңештин депутаты А.Маматалиев чындыгында тилчи эмес. Гимндин текстин оңдоп түзөө боюнча комиссияга мүчө болуп, ал сөздөргө талкууга катышкан адам катары түшүндүрмө берейин: «бей» деген сөз тамырындагы маани фарсы тажик тилинен кирген «сыз» «жок» деген терстик маанини эле туюндурбастан «андай эмес мындай», жөн эле орусча айтканда «не» «не так» «без этого» «не во время» деген маанилерде да колдонулуп, айтылган сөздүн маанисине жараша айтылат. Негизинен «бей» менен байланышкан сөздөр азыркы кыргыз тилиндеги грамматикасы кабыл алынганга чейин эл оозунда айтылып келген. Айрыкча түштүк жергесинде. Анын тарыхый этимологиясына кайрылсак VIII-XII кылымдарда Орто Азияда азыркы Өзбек Республикасындагы Самарканд, Бухара, Хива шаарларында илим-билим өнүгүп, окуу куралдары да араб-фарсы тилдеринде окулуп жазылган. Анын таасиринде Орто Азыянын элдери алардын катарында биздин ата-бабаларыбыз да араб-фарсы тилдеринде жазып-окуп үйрөнүп, алардан 50 пайызга жакын сөздөрдү өзүбүздүн тилибизге сиңдирип алганбыз. Маселе сөздөрдүн тилибизге киргендигинде эмес, алардын туура маанисинде болуп жатат. Мисалы, «бейил» (пейил) араб тилинен «феилун», «бейне» бейнесине сүртүмдөр (портретине) «беине» «инесиз» «азил-тамаша» деген сөздөн улам бейнесине сүртүмдөр деп айтылат. «Бейкасам» бел – кездеменин аты. Түштүктө «бейкасам тон» же «чапан» деп айтылат. «Бейшемби» бул күндүн аталышы. «Панчшамба» фарсы-тажик тилинен кирген. «Бейшеп» фарс тилинен «пешаб» анын мааниси алды тарап, түндүктө «шейшеп» деп да айтылат. «Бейпил» «бей» – сыз, жок, «фил» араб тилинен «пилсиз» өтмө мааниде тынч, жайбаракат деген маанини түшүндүрөт. «Бейле» (бейлеп ук) «байла» деген сөздөн келип чыккан. Мисалы, уйду байла. «Бейит» араб тилинен үй (бай тун) ошол себептен «ата бейит» (аталардын үйү) деген мааниде айтылат. «Бейм-келип» (келип калды бейм) түштүктө «келип калды дейм» алмашып «бейм» деп колдонулат. Жогоруда мисал келтирилген сөздөр чындыгында араб-фарсы-тажик тилдеринен оошуп келген сөздөр өзүнчө каралат жана терстик маанини бербейт. Булар өзүнчө каралат. Ал агай бул аталган сөздөргө маани бербей жатат. Эми агайдын үчүнчү «бей» менен байланышкан сөздөргө маани берели. «Бейкоога» түштүк жергесинде «бегоога» гоогасыз тынч эле, чыры жок чырсыз терс мааниде колдонулат. «Беймарал» «беймалал» малол-фарс тилинен алынган сөз «капа, капалуу» деген маанини билдирет. Ошол себептен «беймалал олтур» «капаланбай же капа болбой олтур» андай эмес деген мааниде. «Бейбелчек»-«бей» байла деген сөз тамырынан. «Бейбелчек»-бел байлагыч өзүнчө кирген сөз. Түштүктө «белдик» деп да айтылат. «Бейдарман» «дармансыз, кубаты жок, алсыз» «андай эмес, мындай» деген терстик мааниде. «Бейтааныш» «таанышсыз, тааныш эмес, жат, бейтааныш адам». «Бейтарап» – тарабын талашпаган калыс тарапсыз. «Бейкапар»-күтүүсүз, ойдо жок, капарсыз. «Бейнаар» иран тилинен кирип, «тамак иче элек же ач карын, дарыны бейнаар ичүү керек». «Бейтап» – табы жок, орулуу адам. Аталган «бей» менен байланышкан сөздөрдү өзүңүздөр окуп, алардын маанисине күбө болгондой, алар «сыз», «жок», «андай эмес, мындай» деген маанилерде колдонулган. Тактап айтканда, «не, не так, без этого» деген маанилерде да колдонулат. Иран тилиндеги «Бикот» деген сөз кайсы сөздүктөн алынды экен? «Бехут» тажик тилинде «сам не свой», «вне себя; впавщий в уступление» Экинчиси, «впавщий, безчувственный состояние». Тажикско-русский словарь ГИС, Москва 1954-г. стр-67 «Бехут булмок» – почувствовать себе скверно; «упасть в обморок». Узбекско-русский словарь ГИС Москва 1959-г. стр:68.
Бейкутка эмнелер кирет? Аларга жер титирөө, ачарчылык, селдин жүрүшү, элдин ынтымактыгынын жоктугу ж.б.у.с терс көрүнүштөгү нерселер. Түштүк жергесинде картаң адамдар ооруп, алдан тайган учурда же көөнү айнып кускусу келген адам «бейкут» болуп жатам деп айтылат.
Урматтуу кыргыз тилине күйгөн окурмандар! Ар бир намыстуу кыргыз өз тилин, элин ата-мекенин сүйөт жана өз элине көзкамандык же бейкуттук жамандыкты ыраа көрбөйт. Биз бири-бирибизге сөздүн маанисине жетпей, эч кандай далилсиз доомат койбостон, кемчилигибизди чогуу түзөтүүнү үйрөнсөк, ошондо гана коомубузда өнүгүү болот. «Бейкуттун» терс мааниси боюнча, Кыргыз Республикасынын Тил илими улуттук илимдер Академиясынын институтунун окумуштуулары корутундусун берген. Алар академик К.Юдахин кыргызча-орусча сөздүгүндө туура эмес которгондугуна байланыштуу, акын-жазуучуларыбыз айрыкча түндүк диалектинин өкүлдөрү сөздүктөгү оң мааниде колдонулуп кеткен. Юдахин белгилегендей оң мааниде адамдардын аң сезимине орун алган. Башкача айтканда терс мааниде Кыргызстандын айрым гана аймактарында колдонулат деп-элибиздин тилин кемсинтип жатат. Коммиссиядагы топтун жетекчиси К.Конокбаевдин колу коюлган. Эксперттик коммиссиянын мүчөсү филология илимдеринин кандидаты Б.Жайлообаев.
Биз «попугай» эмеспиз да, бир сөздү жаттап алып аны кайталагыдай. Тилибиздеги кетирилген кемчилдиктерди түзөттүү ар бирибиздин милдетибиз.
«Көсөмдөрүң элди алдап, көч бузулат сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулат сак болгун».
Кет Бука
«Караңгы элге каапыр да молдо»
Молдо Нияз.
Академик К. Юдахин кыргыз болуп төрөлгөндө мүмкүн сөздү туура котормок. Негизинен Гимндин текстиндеги ыр саптарында бир да талаш туудурган сөз болуусу мүмкүн эмес. Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн «Улутман» программасында да тилчи окумуштуулар «бейкут» сөзүнүн терс маани берет деп жыйынтык чыгарышкан. «Бейкуттун» терс мааниси боюнча эч кандай далилсиз эле көрүнүп турбайбы. Мисалы эшектин сүрөтүн эшек дебестен, бул ат дегендей эле мааниде айтылып, талаш туудуруп жатпайбы?. Макаланын башында,
ысымдары аталган Б.Жамгырчиев менен Э. Нурушевдин койгон дооматтары далилсиз экендигине өзүңүздөр окуп, күбө болдуңуздар.
Абдинаби Назарбаев
Юрист, акын. Баткен облусундагы Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты.