АДАБИЯТ

Жакшы тилек-жарым ырыс

Ахматалиева Махабат
“Жакшы тилек-жарым ырыс” дегендей туз насибим тартып, мугалимдик кесипти аркалап келе жатам. Кудай буюрса, Аллах насип этсе алдыга койгон чоң максат, ой-тилектерим бар. Келечекте өсүп келе жаткан жаш муундарга татыктуу тарбия берип, билимдин көөнөрбөс ыйык кутун тартуулагым келет. Мектепте балдарга өткөн сабактарым бул өмүрүмдұн ырлары, жүрөгүмдүн сырлары, дилимдин бир кумары, тагдырдын мага берген ырахаты. Жаш наристелердин дүйнөсүн аралап, бүт мээримимди балдарга берип, жаздагы жамгыр болуп төгүлүүнү, эрте мененки чыккан күн нурундай жарык чачууну эңсейм.
Мына ошентип элге түбөлүк кызмат кылууну эңсеп, жоопкердүүлүк менен мамиле жасап, чымырканып эмгектенүүгө бел байлаган кезим. Адамзат бул дүйнөгө бир келген соң, аз гана өмүр сүрүп, кыска өмүрдүн ичинде өзүбүздүн ак эмгегибиз менен элге таанылып, келечек муундарына үлгү болуп, эл оозунда айтылып кала берет экенбиз. Элдин керегине жарап, ак иштеп, ак жашоого не жетсин. Дүйнөгө көз чаптырып, ойлоп олтурсак не деген гана укмуштуу адамдар өтпөгөн. Алардын эмгегине таазим кылып, ата-бабаларыбыз баскан чыйыр жолду улап басып келебиз.
“Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деп, элибизде таамай айтылган макал бар. Ийне менен кудук казуу кандай оор түйшүктү жаратса, билим алуу да ошондой оор түйшүк, аны казган сайын ылдыйлап чексиз экендигин баамдайбыз. Бирок анын үзүрүн көрбөй койбойбуз. Мына ошонун негизинде өздүк китепканамды ачып, бүгүнкү күндө 700дөй китебим бар. Ал менин келечектеги теориям, келечектеги наным десем дагы жаңылышпайм.
Белгилүү педагог жана илимий эмгектердин ээси Бектур Исаков, Советбек Байгазиев, А. Муратов жана ошондой эле Б. Апышов ж.б. эмгектерин үзбөй окуп, алардан өзүмө жакшы кеңештерди таап, педагогикалык эмгек жолумда пайдаланып келем.
Бош убактымда китеп, журналдарды окуп, ыр жазууга кичине далалатым бар.

Жазды сагынуу

Жазды күттүк, не бир күндөр саналуу,
Жамгыр төктү шыбыр менен аярлуу.
Бүт дилдерди жаш баладай тазартып,
Жаз келатты жашыл жоолук салынуу.

Көкүрөктө арман турат катылуу,
Туйлап жүрөк, дилде турат сагынуу.
Белестерде байчечекей чыккандыр.
Жөнөйм танда адырларга кумарлуу.

Не бир сонун обон салып чымчыктар,
Жазды күтүп сагынычы арткандыр.
Балалыкта биз жыттаган гүлкайыр,
Кайра жазга бүртөп бүчүр ачкандыр.

Карлар эрип, мөңгүлөрдөн суу агып,
Капчыгайлар гүлдүү гилем салгандыр.
Кулпурушуп тоодо өскөн арчалар,
Күн нуруна жүз чайышып жаткандыр.

Сагынышып, жазды күтүп бүт дүйнө,
Саламдашып, учурашып жаткандыр.
Жөнөйүнчү сагынычтар толтура,
Жазда мага жылуу койнун ачкандыр.

Ахматалиева Махабат Нажимидиновна,
Айдаркен шаары. №19 Б.Садыков мектебинин мугалими

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы