АДАБИЯТ

Таркап кетти элди бузган вирустар

Абдинаби Назарбаев
Бийликтегилердин эл, жерге кайдыгер мамилесин, кыргыз элинин тымызын чөгүп баратканын ачыктан-ачык ырларында чагылдарган Абдинаби Назарбаевдин ырларын сунуш кылабыз. А.Назарбаев ыр жазуу менен гана чектелбестен улуттук идеологиянын калыптанышына салымын кошуп келет. 10 жылдан берки өмүрүн кыргыз элинин идеологиясына арнаган каарманыбыздын ичинде айтаар сөзү көп экен.

Өз элиңди кул кылба

Мен бийликтен акча амал суранбаймын,
Адилетсиз өкүмдарга көз жумуп туралбаймын.
Кан төгүлүп эки бийлик алмашса да,
Келечексиз бийликке таң каламын.

Айтчы бийлик кандай сенин максатың,
Өчүң барбы мынча элди кыйнадың.
Кандуу күндөн сабак албай адамча,
Кайра эле эски көчтү уланттың.

Байка бийлик деңиздеги кемедей адашканың,
Ал кемеде элиң бирге адашпагын.
Чын жүрөктөн кыргыз элим өнсүн десең,
Чет өлкөнүн акчасына сатылбагын.

Кыргыз элим түбөлүктүү сапарлашым,
Сен да бийлик элиң менен сапар тарткын.
Атуулдук парзым мен бийликтен суранарым,
Өз элинди чет өлкөгө кул кылбагын.

Ойлон элим

Башкалардай элиме жол көпүрө куралбадым,
Жабыркап элим турганда четте туралбадым.
Азда болсо элиме салым болоор,
Мен элиме рухий азык тартуулаймын.

Ойгон элим, ойлон элим кеч калба,
Алданбагын бир курсактык оокатка.
Кыргыз элим келечеги нээ болот,
Биз алдансак бир тоюмдук оокатка.

Жаңы коом бир оокаттык күн эмес,
Ал өкүнүч тарыхтагы чоң белес.
Өнүгүүнү изденип туңгуюктан чыкпасак,
Келечекте муундар баарыбызды кечирбес.

Анда неге өнүкпөйбүз кыргыздар,
Өлкөбүздө кен байлыктын баары бар.
Өнүгүүгө жол бербеген күчтөр бар,
Алар менен өздөн чыккан саткындар.

Он төрт кылым эңсеген элим азабы,
Орундалды эгемендүүлүк тилек максаты.
Башка конгон кутту сактай албасак,
Кайра козуйт кыргыз элим азабы.

Сак болгула кыргыз элим баарыңар,
Таркап кетти элди бузган вирустар.
Алар менен күрөшпөсөк баарыбыз,
Эгемендүүлүк билимсиз барып жоюлар.

Бул ырлар колу парага малынган, элдин ынтымагын ойлобой, өздөрүнүн максаты ишке ашыруу үчүн адамдарды дүрбөлүнгү салгандарга, кен байлыктарыбызды чет өлкөгө саткандарга жана ар бирибизге сабак болоор.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы