Нооруз – бул жаңырган жыл, өзгөчө шаң
Үрөөнүн сээп баштаган Баба Дыйкан
Өндүрүп ак буудайын чоң апалар
Айтылуу сүмөлөктүн камын кылган
Нооруз – бул эски жылдын жаңырганы
Сулуулар жакага гүл тагынганы
Кулпуруп кызгалдактай кызыл-тазыл
Жеңелер шайы жоолук салынганы
Жүрөктөр жаз деп кагып, сүйүү тапкан
Айымдар көйнөктөрдөн түр тандаган
Жигиттер бийкечтерге кар астынан
Апакай байчечекей гүл арнаган
Ноорузум улуу майрам, сулуу майрам
Символу токчулуктун, берекенин
Мактансам бүт ааламга ким тана алат?
Кыргызым кең пейилдүү эл экенин!
Капкачан өткөн күндү. Кеткен доорду
Калтырбай күүгө салган комузуңдан
Казанда боркулдаган сүмөлөгү
Кагылам кыргыз элим Ноорузуңдан!
Ахмедова Бермет Абдумажитовна, Кадамжай району, Чаувай айылы.