АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Динара Сагынбаева
Динара Сагынбаева – Араван районунда төрөлгөн,
Бишкек шаарынын тургуну.
Мекендешибиз Динара Сагынбаеванын ырлары, окурмандар үчүн сайтка жарыяланып турат.

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН…

Элим үшүп, муздак сууктан тоңуп турат,
Жарыгы өчкөн, жашоодон тойуп турат,
Жада калса, көгүлтүр оттор чектелип,
Титирешип, буулугуп букка толуп турат,

Кайда бийлик, элим үчүн иштейм деген,
Чечип турам, көйгөйлөрүн тизбейм деген,
Элдин нанын, тартып алып жегендерди,
Күнөөгө тартып, мен аларды издейм деген…

Ажарын асыра

Карыз болсоң-капчыгың толбойт,
Карыз берсең-катнашың токтойт,
Кыңырылып бергенче кечип бер,
Ызырынып жеткенче, текши жет,
Өзгөгө суктанбай, өзүңдү жупта,
Өзөккө бук салбай, ачуу сөз жутба,
Эрди басынтбай, күнөөсүн тастыкта
Аялына асылганча, ажарын асыра,
Энени кордосоң-этегиң толбойт
Атаны какшаткан, адалдуу болбойт,
Береке келсе, берешендикте жыйна
Кампанды кулптап, келекелеп жыйба,
Байлыкты берсе, шүгүр деп, топто,
Жайылып кетсе, жүгүрүнүп, тосбо…

Аксай жүр

Эркек болсоң, эрктүү болуп эркелебей
Аялындын артынан сен, желкеленбей,
Үй башчысы болуп чечим, чыгара бил,
Башың ийкеп жер тиктеп, тепселенбей

Эркек болсоң, өз жериңдин камын ойлон,
Белин жумшап, өз элиндин санын ойгонт
Сырттан үнүң, үйдөн сүрүүң билинткен,
Эрдик менен, калкка калаар, наамын ойлон

Сооп иштен, көп-көп журтка жасай жүр,
Туугандарың колдоп, тартып жансай жүр,
Мезгил менен коштоп, чуркай талпынып
Элиң-жериң үчүн дайыма аксай жүр…

Акча бузат

Акча бузат карыларды, жаш кылып,
Жаңыртышат, никелерин жашынып,
Аял заттын, көздөрүнө чөп, салып,
Ырыскысын, бөлүп, жарат, жашырып,

Акча бурат, жаштын ыйман, ызаатын,
Тарбиялык тайкы, жолдон, сыздатып,
Улуулардын сакалдарын, сыйлабай,
Жаш болсо да сыйлап турат, кызматын,

Акчаң ураар, чыгашасыз саранды,
Уурдап тоноп, тартып алган, арамды,
Кызыкбайбыз деген менен кызарып,
Дартың басат, туз себилген жараңдын…

Акча качат

Акча качат, баш-аламан чачкандан,
Базарчылап, дүкөн кууп, баскандан,
Кымбат кийим, кылдат буюм жактырып,
Үнөмү жок, уучтап бетин ачкандан,

Акча качат, ыркы кеткен үйлөрдөн,
Тууганына, бөлүп-жарып, түйгөндөн,
Кошнуларын жетишбесе, кыйналып,
Көз күйдүрүп, сугунтуруп түрлөнсөң,

Акча качат кумар тарткан, адамдан,
Карта ойноп, солго баскан кадамдан,
Жыйнап топтоп, берекесин учуруп.
Башка колго, карыз болуп баргандан…

Акча сүйөт

Акча сүйөт, ирээттеп, аны кармасаң,
Ырым кылып, санын айтбай сактасаң,
Кемчилигиң көрүнбөсө, жашооңдо,
Турак-жайың, ашыкча деп сатбасаң,

Акча сүйөт, ач көз менен битирди,
Үнөмдөгөн, эсептешкен, кишиңди,
Байлык басып, багынып бир, келгенде,
Мактанбастан, суутуп турсаң, изиңди,

Акча сүйөт, ачык турбай, катканды,
Коротулбай көкүрөктө, жатканды,
Мээнет кылып, бешенетер, жумшасаң,
Колдоп берет, иштеп аны тапканды…

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы