Жашоо турат, өзгөрбөй
Сыртта суук, үйдө жарык бүлбүлдөйт,
Кайсы заман, кайсы кылым, күлмүңдөйт,
Артты көздөй, жашагансып сезилип,
Кадам шилтеп, адамзатын үлгүрбөйт,
Отун санап, көмүр каптап, сатылат,
Тогуң өчөт, кайда сарптап, катылат,
Капкараңгы, борбор деген шаарыңда,
Төлөм кагаз, күндө кыстап шатырайт,
Мезгил жылып, жашоо турат, өзгөрбөй,
Шарты жапыс, умтулуулар, көздөлбөй,
Баягы эле, бийликтуу, бай, мансаптуу,
Жашап келет, көкөлөшүп өйдөлөй..
Жеңилипмин
Олтурамын мелт-калт болуп төгүлө албай,
Көздөр турат, ачуу жашка чөмүлө, албай,
Турмушумдун кээде түрткөн, тоскоолуна,
Жеңилипмин, катаалынан бөлүнө албай,
Жашооңду, жылдыра билиш, акылыңдан,
Тырмышышат, мээнет кылып, атырылган,
Жаның бирге, өмүрлүк жарлар коштоп,
Ынтымактуу, максат менен ашыра алган…
Жолдошума
Ойлонсом, оюмдагы, күлүгүмсүң,
Ойгонсом, жоонумдагы бүркүтүмсүң,
Кыйналсам, жөлөк болуп таяп турчу,
Кынтайсам, сөйөп алар, түркүгүмсүң,
Кубансам, кучак толчу купулумсуң,
Кубарсам, куса болчу жупунумсуң,
Заарыгып, санаам менен тең, бөлүшчү,
Сурансам, толуп ашчу куржунумсуң,
Чаңкасам, мөлтүр тунук, башаатымсың,
Чарчасам, мээ сергитээр, насаатымсың,
Таалыкбай турмуш жолун бирге басып,
Чалынсам, жамбаштаган кашаатымсың…
Жолукбайм
Жүрөктүн боздоп черткен, үнү жетбей,
Сезимдин муңдуу зарлуу, күүсү кетбей,
Жан дүйнөм жардыланат, ушул тапта,
Жапа чеккен, сүйүүлөрдөн бир беткей,
Бул күн да өтүп кетет, көз ирмемдей,
Көңүлдүн так калтырган, тизмегиндей,
Жеңилсем, ак сүйүүмдүн тоскоолуна,
Жеңилтбей, тагдыр туштайт, издегидей,
Шылтоолоп, көйгөйлөрүн мага түртүп,
Күнөөлөйсүн, куру доомат, жара сүртүп,
Сезимдерди, таптабагын, булганычка,
Жолукбаймын, сен да калгын мени күтүп…
Жүрөк толкуйт
Билбей турам, ичимдиктин пайдаларын,
Ичип койом, калбай калса, айла-амалым,
Будур булук, болсо деле таягансыйт,
Эс алгансып, жыргап калат, кайра жаным,
Ичтер кызып, бетке кызыл, жүгүрөт,
Сарсанаалар, бир саамга, күбүлөт,
Турмуш кызык, жашооң жаркын жыттанып,
Көз ирмемге, түйшүк мээден, үзүлөт,
Көзүң күлүп, көңүл тоодой ойдолойт,
Жүрөк толкуп, сүйүү издеп жорголойт
Дүйнө толук, аалам болот кеңири,
Ичбегендер, алысташып, өзгөлөйт…
Жылуулугуң сакта
Үйүң болсо тапкан дүнүйөң, үйүлүп,
Береке-пейиз, ырыс-кешик түйүлөт,
Мээнеттенип ташып жүрүп толтурсаң,
Жашооң үчүн, бардык камкор, түзүлөт,
Конуш болсо, бата тилээр, той болот,
Уул-кызың, куттуу үйдөн, бойлонот,
Жылуулугуң, сактап, баалап, аздекте,
Байлык, барлык ошол, үйдөн шорголойт…
