АДАБИЯТ

ЭЛИМ ҮЧҮН ИШТЕЙМ ДЕГЕН – Д.Сагынбаева

Кызым Альбинага

Мөлтүрөгөн көздөрүнөн кагылайын,
Мээрим төгүп, силер үчүн, жагылайын,
Тун кызымсын, үйдүн көркүн сактаган,
Жашооңорго, тумар болуп, тагылайын,

Кудайым , узун өмүр, бакыт берсин,
Ыйманын, берекесин, жайып келсин,
Келечек да силер үчүн, коюунун ачып,
Бактылуу, акыл-эстүү жарын берсин…

Кызырым колдойт

Ар бир күндүн кудай сунган, ырысы бар,
Жакшы кабар, коштоп жүрөр, кызыгы бар,
Жагымдуу тилек, калыс ниет кааласаң
Колдоп, жөлөп, таяп тураар, кызыры бар,

Ар бир айдын, жарыгы менен карасы тең,
Жашоонун да, жалганы менен жарасы тең,
Билек барда, күчтүү күүлөн, талпынып,
Бекер оокат, алгандын да жазасы тез…

Кыйрап турат

Мекеним деп жүрөк кагып жарылгандар,
Бийлик үчүн төшүн тосуп, камынгандар,
Элдин эзген көйгөйлөрүн, бетке тутуп,
Жулунушат журттун атын жамынгандар,

Ооруп турат, Ата-журтум, алсызданып,
Талап-тоноо, жараксыздан, жансызданып,
Жайыттарын, бейиттерин, баасыз сатып,
Бейиши серт, ажары суз, нарксызданып.

Кыйынчылык, кыргызымды, кыйнап турат,
Кыйылышып жерин таштап, кыйрап турат,
Өмүр жолдор, агым нукка, салынса деп,
Мекенин таштап, талаалап ыйлап турат…

КЫШ ДА ӨТӨӨР

Кыш да мээлейт, ызгаар, суук тоңдуруп,
Чекчейишкен, муздан сайма ойдуруп,
Кээде жарк деп, кээде нурун төгө албай,
Күн жашынган, тээ асманда, бой сунуп,

Туман тооруйт, эртели-кеч жолуңду,
Тоңгон суулар, муз түбүнөн болүндү,
Таш жалтырайт, суу жээгине чагылып,
Табыйгаттык сыйкыр күчтөр, көрүндү,

Итиң чөп жеп, журуп турса иштериң,
Суук сезбей, жашоо түзөөр, тизмегиң,
Ар бир күндүн, берекесин жылытып,
Кыш да отоор, билинтирбей издерин..

Кыш

Күүлөнсө да, күзүң күчүн жоготуп,
Кыш да келди, ызгаар суук, толготуп,
Аппак кардай, ак сүйүүнү жаадырып,
Сезимдерди, селт эттирип, ойготуп,

Калың карың, кара түндү, жарыктайт,
Нурларына көздүн жоосу, жабыркайт,
Кырчылдатып чайнап турган дабышы,
Делебеңди козгойт, бирок, жабышбайт

Ар мезгилдер, өзүнчө бир керемет,
Касиеттуу сыйкыр, күчтөр тегерейт,
Арзып сүйүп, ал мезгилди бааласаң,
Сүйүүң келип ошол кардай, ээленет

Кыялымдан төгүлбөйт

Он сегиз жаш, тээ ыраактап көрүнбөйт,
Артта калып, көкүрөктөн бөлүнбөйт,
Түр кылыктуу, шайыр күлкү, жаштыгым,
Кылкылдашып, кыялымдан төгүлбөйт,

Отуз жашым, олжолуу да, орундуу,
Берекеси, балдай бакка толумдуу,
Бала-чака, тиричилик, башкадан,
Арткандары, болот экен, болумдуу,

Кылыч кармап, кырын салган, кырк жашым,
Кыйгач карап, болуп журду сырдашым,
Токтото албай жылып барып жылмышып,
Кырк бир менен отурамын, сыйлашып…

Мурунку 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы