Кечир
Бүлөө күтүп менда турмуш баштадым
Кип кичине секелекмин жап жашмын
Турмуш деген өтө кыйын экенсиң
Баштагыдан мен таптакыр башкамын
Кечир ата турмуш отум тутанбады
Кубанычым куттуу болуп уланбады
Турмуш деген таттуу сөздүн балын татпай
Бүлөө күттүм, бирок артык кубанбадым
Кечир апа мээримиңди актабадым
Көп катарда таттуу турмуш каалаганмын
Жараткандын жазганын мына көрдүм
Кечир апа аппак сүтүң актабадым
Кечир ата кайра үйгө кайтканымды
Кечир ата аткарбадым айтканынды
Атакебай сенин катуу мүнөзүңдөн
Коркуп турам эмне кылам калганыны
Кечир апа коломтом жылыбады
Таттуу сезим көөдөнүмдө жылыбады
Кечир апа тизе бүгүп суранам
Намысымдан не болсода даяр турам
Кечир ата түгөй тандап адаштым
Билбей туруп колун бекем кармапмын
Кечир ата дагы эркелейм баштагыдай
Бирок азыр мурункудан башкамын
Кечир апа ал бүлөөгө батпадым
Алар мени жактырбады, жакпадым
Жок ойлонбо апакебай анча көп
Көңүлүңдү ооруттумбу айтпаймын
Кечир ата көп катарда боло албадым
Турмуш оңдоп купулуна толо албадым
Жан балам деп төрүмдө олтурбадың
Мен уялам тилегиңди болтурбадым
Кечир апа ак элечек кийгизбедим
Канча ыйладым, бирок аны билгизбедим
Аппак жоолук башымдан түшсө деле
Мен негедир тырышып турмуш дедим
Тешебаева Назгүл – Кадамжай району
Жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт деп айтышат. Бул бардыгыбыз учун сабак болчудай окуя экен. Сиз ата-энениздин алдында озунузду куноолуу сезип, ата-энениз сиздин алдында оздорун куноолоп демейдеги кырдаалды элестетип алдым. Тагдырдын жазганы экен деген созду айтсам деле жарашса керек. Бирок мен тагдырга ишенбейм. Ооба, бул менин жеке коз карашым. “Тагдырынды озун чеч же сен учун чечип коюшат ” деген айтымдан улам ар бир кетирген катачылык озубуздун кадамдарыбыздан экенине ынандым. Кечегибиз эртенкибиз учун сабак дегендей кийинки кадамдарыныз ийгиликтуу болуп, бакыт алып келет деген ишеничтемин.
баары эле биз ойлогондой болсо анда дуйнодо эч бактысыз адам жок болуп калат окшойт!? турмуш кураарда кандай адам, ким , турмушка болгон коз карашы кандай . ушул жана башка буга окшогон суроолорго жооп алып анан турмуш деген дангыр жолго сапар алуу керек деп айтаар элем.
Айперинин тагдырга ишенбейм дегени ото чон жанылыштык
Аза, “мен тагдырга ишенбейм” дегеним менен жашоодо ишенимсиз жашайм деп айтканым жок. Жаратканга ишенем – анткени ансыз мен озумду жоготуп коймокмун, Жараткандан корком, жакшы кором, ага эч качан каршы чыкпайм. Ички туюмума ишенем – анткени ал маанилуу чечим кабыл алганда жардамга келип, копчулук учурда жакшы натыйжа берет. Курбума ишенем – анткени ал мени дайыма угуп, тушунуп, жанылыштыгым учун урушуп, сындайт, анын создору ачуу конулунду оорутат бирок ал дайыма чындыкты гана айткандыктан ага ишенем. Апама ишенем, кубансам да кайгырсам да жанымда турат. Ишенбоочулук пайда болгондо тактап алууга аракет жасайм. Жаратканга сыйынып, ички туюмумду акыл-эс менен акылдаштырып, курбум менен баарлашып, апамдын жанына отуруп суйлошуп.
Тагдыр – ар бирибизге Жараткан тараптан ачылган оздук китепчебиз деп ойлойм. Биз аны эмне менен толтурабыз, ар бирибиздин озубуздун ишибиз. Кимдир бироо жалан кубаныч менен кимдир бироонуку жашоодогу кырдаалга байланыштуу кайгы-капа аралашкан окуялар менен толтурулуп жатат. Ал китепченин кооз болушун да озубуз ойлонуштурушубуз керек да. Кудай, алма бышсын оозума тушсун деген болбойт. Маселен, бир жигит уйлоном деп кыз издеп атат. Анын жашоодогу максаттары, пландары так корсотулгон эмес болсо (кандай кызга уйлоном, кайсы жерде жашайм, кайсы каражатка багам, канчяа балалуу болом, ал балдарды камсыз кыла аламбы ж.б.у.с) ата-энеси тапкан кызга уйлонот. Анан, силер тапкан кыз ушул беле деп ажырашып кетет (ар турдуу шарттардан улам). Эки-уч кишинин кийинки жашоосуна балта чабылып атпайбы. Кыз ” иий, мандайга жазган тагдыр экен да” ата-энеси “баламдын тагдыры ушундай экен да” бала “тагдыр ушундай болсо не кылабыз” куноонун баарын тагдырга шылташат. Кыз-жигиттин жашоону тушунбой туруп уйлонгону, ата-эненин уйлонтоордо баласынын оюн укпаганы (кээ бир учурда) , баласынын пландабай уйлонгону эске алынбайт. Булардын баарын тагдыр деп отурган туура эмес.
Тагдыр – биз тороло электе эле Жараткан тараптан жазылган дегендер жашоосундагы бардык ойдо-ылдыйларда оз кадамдарына так жооп бере албагандар деп айтмакмын.
Тагдырды ар бир адам озу жазыш керек. Жараткан бизге “Тагдыр” деген китепти эле берген.
Мен болбосом ким? Азыр болбосо качан? Мен озум учун болбосом ким мен учун?