АДАБИЯТ

Чыңгыз Айтматовго

тешебаева назгул

Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовго

 

Чыңгыз эле Кыргызды Кыргыз кылган
Асманда жымындаган жылдыз кылган
Чыңгыз эле Кыргызды бүт ааламга
Кошунага, жаткада тааныштырган

Чыңгыз кетти артында Данияр калды
Аны ээрчиген Жамиля алда калды
Жамиляны токто кетпе деген бойдон
Анын эрке кайниси Сейит калды

Чыңгыз кетти Делбиримда калып кетти
Алма бакта кызыл алма эскиреби
Дүйшөн менен Алтынайда кол булгалап
Чыңгызды узатып кала берди

Чыңгыз кетти турналарда учуп кетти
Ал турналар кайда учуп барат эми
Ильяз менен Аселдагы ыр болуп
Эл оозунда ырдалып кала берди

Айтматовдой адам барбы ааламда
Улуу инсан, ойчул, билгир адамда
80 жылдык мааракесин көрө албай
Чыңгыз кетти, кетти Чыңгыз арманда

Чыңгыз өлүп аалам ыйлап жер ыйлап
Жаратылыш жанын жоготкондой ыйлап
Кыргыз, орус, казак деги баары ыйлап
Окурманы кабак бүркөйт жүрөк туйлап

Чыңгызды кимдер гана сүйөөр эле
Чыгармасын кимдер көксөп күтөөр эле
Чыңгызы жок эми алар кантти экен
Ой санаада аалам кезип жүрөөр эле

Тешебаева Назгүл — Кадамжай району

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы