Кыргыз адабият окуу китебиндеги акын-жазуучулардын туулган жана өлгөн жылдары жазылган даталарды окуп, балалык кыял менен адабиятчы Абдилазиз Көчкөнов агайыма чыгарма жазган адамдардын өмүрү кыска болобу? – деген кызыктай суроо бергеним эсимде. Чынында эле жараткандын буйругубу? – айтылуу кыргыздын белгилүү калемгерлери А.Осмонов, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиев, А.Токтогулов, М. Эшимкановдор өздөрүнүн аз жашоосунда өчпөс залкар чыгармаларды жаратып кетишти.
Журналист Ташмахамат Орозов да ысмы аталган жазуучу, акындардын чыгармаларын чын ыкластан сүйүп окуган чыгармачыл инсан эле. Анын калеминен канчалаган макалалар, очерктер, ырлар, повест, аңгемелер жазылды. Андан сырткары жаш облустун тарыхын камтыган “Баткен” китебинин жарыка чыгышына авторлош болуп, зор салымын кошту.
Кыргыздын биринчи эл башчысы Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдык юбилейине карата “Абдыкадыр Орозбеков” деген аталыштагы документалдуу китепбинин жазылышына да үлкөн салымын кошкон. Азыр да райондук гезиттин редакциясында, “Тамырдан бөрткөн кайрагач” аттуу повести менен бир топ аңгемелери, ырлары басмага даярдалган бойдон турат. Каражат маселеси да чечилип, китеби чыгып, окурмандардын калың катмарына тарашы талашсыз.
Ташмахамат аканин 25жыл мурда “Ильич Нуру” газетасынан азыркы (Кадамжай райондук “Эл жарчысы” гезити) бир таасирдүү ырын окугам. Темасы эсимде жок. Бирок ырдын
“Бекем карма турмуштун туу туткасын,
Эртең дагы улуу тоодон чыгат күн”– деген акыркы эки сабы, азыркыга чейин эсимден чыкпайт.
Бүгүнкү күндө устаттан калган эки сап ырды, ар бир адам турмушунда девиз катары тумар тутуп жашаса, кайрат – дем берээри шексиз. Бирок таланттуу жазуучу, акын, журналист улуу тоодон нур чачып, чыкчу күндү күтпөй, эрте каза болгону жүрөктү эзип өкүндүрөт. Чынында эле жакшы адамдар, жашоодогу бардык кыйынчылыктарды жүрөгүнө батырган чыгармачыл инсандар аз жашайбы? Балким, бул да болсо жаратылыш мыйзамыдыр.
Акматбек Асанов, атайын кабарчы