МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Жандырмагы бар тандоо: карьера же үй бүлө

el_kdm_001
Баары айылдан башталат дешет, менин баш оорум да айылга кышкы эс алууга баргандан башталды. Борбор калаабыздагы жашоо ушунчалык тез темпте өтүп, убакыттын канчалык тез өткөнүн байкабай калдымбы, балалыгым өткөн жерге барбаганыма 2 жылга чукулдаганда, сагынычка толуп бардым. Чоң энеме барам, ата-энемдин жанында эс алам да 3 жылга жетчү энергия, дем, күч чогултуп келип, окуумду аяктасам, жумушка орношуп карьера жасайм деген оюма апамдын: “Сени шаарда окутуп катачылык кетириптирмин, жакын жерге окусаң эчак күйөөгө узатмакмын. Шаарда карьера жасайм дегениңди кой, айылга келесин дипломуңду көтөрүп” деген сөзү кар жаадырды.
Үй бүлө жана карьера – төрт сөздөн, он жети тамгадан турган сөз айкашы, жашоодогу жол, айрымдар үчүн тандоо. Аял киши тагдырдан “үй бүлө” жана“карьера” деген кемеге жолдомо алып, бир эле кемеге түш, калакты эки колуң менен карма, аркы кемеге көз артпай алдыга сүз деген буйрукту алат тура. Жашоо деңизиндеги толкуп ташууларга туруктуулук талап кылгандыктан, тандоодо жаңылбоо керек экен. Бул тема боюнча мектепте, ЖОЖдо өткөрүлгөн талкууларга катышып, дайыма карьераны жактап, өз оюмду бербей, дебаттардан жеңип чыкчумун.
Голливуд жылдыздарынын жашоосун карасаң укмуштуудай, жумушу, өзүнө болгон сый урматы, үй бүлөсү, балдары. Же алардын жашоосу да кино сыяктуу сценарийлешкенби? Үстүңдө үйүң, астыңда машинаң, жумуш ордуң, калың капчыгың жана банкта өздүк эсебиң бар болсо кандай жакшы. Кинодогу жашоону реалдуу кылуу колдон неге келбесин деген принцибимден кайткан эмесмин. Сенде үй, машина, акча, жумушуң бар, бирок сен жалгызсын. Үйүң күлкүгө толуп турса курсагың да, көңүлүң да ток, ашыкча байлыктын кереги эмне, барыбир жалган дүйнөдө байлыгың калат. Заңгыраган үйдө, сүйлөсөн сөзүң жаңырып турса ушул бакытпы? Аял кишиге башкаруу деген сөз жарашпайт. Сенин ордуң коломтодо деген сөздөрдү угуп этибарга деле албаганмын.
Жаштайымдан карьера деп чоңойдумбу, өзүмдү жумуш ордундагы, ишкер айымдын образында элестете берет экенмин. Өткөөл кезде өзүмдү контролдоп, кыялкечтигимден жазган жокмун. Келечектеги портретимди түзүп отура берчүмүн.
Кыялкеч пери 15 жашта: Тагдырыңдытанда же тандал
Курбуларым көңүл ачып, жигит жандап, айрымдары дүкөн кыдырып жүрүшкөндө, менмектепти бүтсөм, ЖОЖго барам, аны аяктап жумушка орношом, карьера жасайм, акча топтоп айылыбыздын жолун оңдойм, апама машина сатып берем деп кыялданып бүтпөй койдум. Бир жолу дос кызым менен кезигип калып, окууну бутсөң эмне кыласың деген суроомо: “Билбейм, ошол күн келе берсинчи анан көрөм, аны ойлонуп эмне кыласын. Жүр андан көрө дүкөн кыдырабыз”-деген жооп алып: “Сен ушинтип отура берсең, сен үчүн башкалар тагдыр жазып коюшат. Өз тагдырыңды өзүң чеч. Антпесе мектепти бүтөөрүң менен алакачып кетсе, жашоо ушундай экен да деп отуруп каласың. Күндө таң заардан эшик шыпырып, тамак жасап, кир жууп күн өткөрөсүң, анан төрөйсүң, бала карап же үй жумуштарыңа жетишпей эптеп чоңойткучаң экинчиси төрөлөт, анан үчүнчүсү, төртүнчүсү. Аларды камсыздоо керек, кийинтип, тамагын берип, окутуу, баскан турганы акча. Эгер сен иштебесең күйөөңдүн тапканын жеткире албайсың. Эптеп күн өткөрүп пенсияга чыгып, анан пенсияны күтүп жашай бересин. Бул баарынын жашоодогу баскан жолу, жазып койгондой окшош. Ага өзгөртүү киргизиш керек. Өзгөртүү сенден көз каранды, иштеп, бирөөнүн көзүн карабагыдай болушуң керек!” деген монологумдан соң курбумдан: “Сен өтө эле кыялкечсин, жашоо башка. Дүкөнгө барасыңбы деги?” деген кыска жооп алдым. “Жашоо кыялдануудан турат эмеспи. Жашоону башкача кылган өзүбүз. Сенин оюңа кошулалбайм. Мен мектепти бүтүп Эл аралык мамилелер факултетине тапшырып, чет тилдерди окуп үйрөнөм. Кыргызстандын кызыкчылыгын чет өлкөдө коргогон адис болом. Дүйнөнү көргүм келет, акча иштеп таап Кыргыз айылдарын жөө кыдырып чыгам”-деп карасам курбумдун жүзү дагы эле дүкөн кыдыралы дегенсип карап туруптур. Унчукпай “макул” дегенсип башымды ийкеп, дос кызымды жандап көзүм менен соода кылып келдим, курбум 2 кофта алып сүйүнүп калды.
Кайран көздөр ачылгандагы учур чак
Курбу кыздарымдын баары эле үй бүлөбү же карьерабы деп тандап отурбай эле турмуш куруп, алды эки балалуу болуп тынч жашап жатканын көрүп тынчсызданган апамды деле түшүнөм. Ошентсе да ушул теманын алкагындагы үй бүлөлүк талаш-тартышыбыз менин 2-3 жолу көз жашым менен аяктады. Чоң энемдикине, тайэнемдикине барбайын ушул тема, ушул суроо. Досторум да чын тамашага салып, качан күйөөгө кетесиң, жүрө бересиңби?-деп сөз ыргытып,бирөө: “ Ырас, окуп ушул жолду тандадыңбы эми иштеп үзүрүн көр”-дейт, экинчиси: “Үй бүлө күтүп, турмуш курганың оң.”Көчөгө чыксам дарактар да, дубалдар да ушул суроону берип жаткансып, акыркы 10 күндө үйдөн чыкпай эле койдум. Айылдын сөзүнөн шаарга кеткенде кутулат белем деген ойдо шаарга кеткенче шаштым. Жашоодогу максаттарымды, ага жетүүдөгү жолумду үй куруу менен салыштырып көрдүм. Үйдүн пайдубалын мектепте окуп жүргөндө куруптурмун. Ал эми дубал, терезе, эшиктерин ЖОЖдо куруп жатамын го деп ойлодум. Чатыр жок үй кантип болсун, окууну аяктап жумушка орношкон соң ийгилик жаратсам үйдүн чатырын жаап коём деп тыянак чыгардым. Чатыры жок үй кыштын суугуна, жайдын ысыгына туруштук бере албайт. Ушуга чейинки эмгегимдин тепселенип-кулашын каалабайм. Бекем чатыр жаап, жылуу үйдө жашаганга эмне жетсин.
Белгилүү маршрут карьера проспектисинде
Карьера проспектисине түшкөн айымдын маршруту, акыркы аялдамасы белгилүү болот окшойт. Ой күлүк болчу эле деп, мен да ушул жолду тандагандагы келечегиме бардым: “Мектепти бүтүп, дипломат болом дегениме карабай уйдөгүлөрдүн чечими менен өз учурунда журналистика багыты боюнча билим алып, иштеп келе жатам. Бүгун маалымат агенттигинде бийликке нааразы болгон эл өкүлдөрү пресс-конференция беришти. Баягы эле бүтпөгөн проблемалары. Ал жактанчыгып, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына катыштым. Материалдарды редакцияга таштап, журналисттик иликтөөгө алган соттук процесстин күбөлөрү менен сүйлөшүүгө бардым. Үй бүлө куруп тынч жашап жатканда, күйөөсү достору менен кызуу келип, аялы жакшы кабыл албаганы үчүн сабап, сөөк-мээден жаракат алган келиндин туугандары күйөөсүнүн атына арыз жазышып, иш сотко өткөрүлөн.
Кызык, аял күйөөсү бирин-бири жактырып турмуш курган соң ынтымактуу эле жашай беришпейби. Ал аялдын ордунда болсом, күйөөмдү алдап-соолап, көзүн карап эле жашамакмын. Кап, азыр ордум башка жерде. Коомдун көйгөйлөрү, аягы көрүнбөгөн чырлар, депутаттар, эл өкулдөрү – ушул менин ордум. Той-ашка барганда атымды угар замат сыйлуу орун, көчөдө көргөндө жылуу учурашкан адамдардын арасы, эл чогулуп кезек күтүп отурганда, кезексиз өтүү да менин ордум. Шаардын түштүк микрорайонундагы көп кабаттуу үйдүн 4 кабатындагы 3 бөлмөлүү үй, мерседес 600дүн рулу, банктагы VIP колдонуучулардын тизмесиндеги орун да меники. Бул орундар менин бир канча жылдан берки эмгегим. Менде баары бар, бул кыска жашоодо ушул мага керек беле деп ойлоп калам кээде. Жашоодо баарын үйрөнүп, үй бүлө түзгөндү үйрөнө албай койдум. Эжекелерим жолугушууга жиберип, курбуларым мени жигит менен тааныштырам деп канчалаган кызыксыз кинолорду көрүп, кинотеатрлап жүрүштү, апам келген жуучуну артка кайтарып… Анын күлгөнү, мунун сүйлөгөнү, тигинин басканы жакпады деп кылдан кынтык тапкан жанымды аягында өз жайына коюшту. Бүгүн да жалгыз өзүмө тамак жасадым, тамактанып жатканда бөлмөдөгү жымжырттыктан корктумбу, айтор көзүмдөн жаш акканын байкабай калыптырмын. Телефондун шыңгыраганынан чочуп кеттим, алсам курбум экен: “Тун уулубуз 7 жашка чыгып мектепке барды, ортончубуз 5 жашта, ал бакчада, кенжебиз кыз, ал “апа” “ата” деп сүйлөп калды. Кенжебиз басканына тушоо кесүү той берип жатабыз . Кел, күтөбүз”-дегенинен белек алуу үчүн дүкөнгө баш бактым. Сатуучу кыз: “Келиңиз, өз балдарыңызгабы, кызга мындай, уул балага мындай”-десе, менин бүлөм жок, бала жытын жыттай элекмин деп айталган жокмун.
Жашоодо каалаганыма жеттим, бирок менин биринчи күнүм экинчи күнүмө окшош, жүрөгүмдүн соккону мүнөтүнө 63-65 жолу, жүзүм кайгырсам да, кубансам да бир калыпта, бөлмөдө радио же телевизордун үнү угулуп калбаса жымжырттык, жумасына бир жолу апамдан ал абалды сураган чалуу албасам, өзүмдү жумуш менен гана алаксытам”Өкүнүчтүү… Тезинен бүгүнкү күнгө келиш керек.

Азыркы учурда мен эмнени каалайм? –деп, кайра бул суроого сен мектеп учурунда жооп бергенсин дейм, кайра, анда каным денемди эки эсе тез ылдамдыкта айланчу, эми мен өзгөрүп, жашоодогу максаттарымды да өзгөртүшүм керек деп сүйлөп калам өзүмө. Ооба, эми өзгөрөм, бул ыктыярдуу кадам эмес… Кыял-максаттардан баш тартуудан өткөн азап жок деп ойлоп жатып, англиялык жазуучу Жонсон Самуэльдин: “ Үй бүлөлүк турмушта кайгы капа көп болот, бирок үй бүлөсүз турмушта эч кандай кубаныч болбойт” деген сөзүн эстедим. Жакында тандоо жасайм… Үй бүлө менен карьеранын бирөөсүн танда деген учур менен кезиге элекмин, бирок тандоонун ортосунда туруп калаарымды көрүп турам. Эки коёнду бир ок менен атууга болобу? Аял киши үчүн эмне биринчи орунда турушу зарыл? Сөзсүз түрдө тандаш керекпи? Эмне үчүн экөөсү чогуу алып кетүүгө мүмкүн эмес?

Айпери Ганыжан кызы. И.Арабаев атындагы КМУнун 4-курсунун студенти. Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде окуйт.

7 Пикирлер

  1. САЛАМТСЫЗБЫ АЙПЕРИ! ТУУРА ЙАТАСЫЗ АЯЛ КИШИ УЧУН ЖАШООДО ТАНДОО КЫЙЫН, БИРОК СИЗ ЭЧТЕН КОРО КЕЧ ДЕГЕНДЕЙ УЙ-БУЛОНУ ТАНДАГАНЫНЫЗ ОН. АНТКЕНИ КАРЬЕРАНЫЗ БАР ЭКЕН. ТУРМУШКА ЧЫГЫП, ТОРОП БАЛА -ЧАКАЛУУ БОЛСОНУЗ ОШОЛ СИЗГЕ БАКЫТ, БАЙЛЫК БОЛОТ . АНДЫКТАН АДАШПАЙ ТАНДАГАНГА АРАКЕТ ЖАСАНЫЗ!

  2. Саламатсызбы Айпери! Жогоруда жазган макала эн мыкты жазылган. жан дуйнонуз уй-туйгу болуп,суроолорго жооп издеп,озунузду издеп,жашоонун манызын издеп кыйналган сезимдерди,акыбалынызды тушунуп турам. Себеби,мен да кудум сиздей ойлонуп жургон чагым. Кантсе,менин оюмча уйбуло кутуу,эне болуу бактысы- бул эн бийик,эн улук бакыт . Албетте, омурлук жолдош тушунуктуу болсо баарын бирдей алып кетууго аракет кылса болот. Мен сиз менен кандай байланышсам болот? менин электрондук почтамды сайттын веп-админи жонотуп берет, байланышалы созсуз,сиз менен кенешууну каалайм. Урматым менен Гульбахар

  3. Ооба, аялзаты учун коломтодо оттун куйуп турушу маанилуу. Карьера жасаганда уй булону таптакыр таштап коюш керек деген ойдон алысмын. Замандын талабына жараша эки жакты бирдей алып кетсе жакшы болот беле. Эмне учун колубуздан келбейт? кандай тоскоолдуктар бар? деген суроолорго жооп издеп аткан чагым

  4. Аял эки жолу жанылат: биринчи жолдош тандаганда экинчи кесип тандаганда дегенди укканым бар. Башкысы ушул тандоодо жанылбасак болгону. Уй було кутуп ата-энендин мандайында сен да ата-эне болуп отурсан кандай бакыт. Кенеш беруугоо денгээлим жете элек болуш керек, бирок экообуздун тен ойлондурган нерсени чогуу кенешсек болчудай экен. Бир акыл жакшы, эки акыл эн жакшы дешет го.

  5. окуйберген менен билимдин тубуно жетип болбойт. ошондуктан мен сиздин ордунузда болгонумда уйбулону тандамакмын.

  6. Cаламатсыздарбы?Бул турмушта аял затына ото кыйын.Экообуздун жашообуз бирдей экен бирок мен куйоого тийдим балалуу да болдум,Отурган кыз ордун табат.,тапса да зорун табат дегендей бешенеге жазганын коросуз,куйоо кулдун астында,кутулбогон жерден чыга калат,ойлонбонуз баары болот,Кудай берээрин унутпасын!

  7. Менин ойумча бул жашоодо аял адамга эн биринчи уй було. Анткени, карьерана жетип, уй жай кылып машина алып, бийик абройго жеттин дейли… Анан сенин атын угулган жерде, эл арасында канча баласы бар экен, жолдошу ким экен дейт. Эч убакта биринчи таанышкан адамын кайсы илимди жактагансын, канча дипломун, машинан бар дебейтта… Ошондуктан биринчи омурлук шерик Жана уйдун куту болгон наристе керек баарыбызга. Эгер тушунгон жолдош болсо карьераны колдоп берсе, албетте, булда жакшы.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы