ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

«Эне аман, бала аман, эл аман!»

Т.Макканов
Кыргыз улутунун саламаттыгы жана өлкөнүн социалдык потенциалы баарыдан мурда эненин, кенже курактагы балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугу менен түптөлөт. Мына ошондуктан мамлекетибиз тарабынан энеликти жана балалыкты коргоо боюнча көп көңүл бурулууда.
Эң оболу бала, ата-эненин каалоосу, күтүүсү менен төрөлүүсү керек. Андыктан жубайлардын ден-соолукту чыңдоодо жана үй-бүлөнү пландаштырууда билимин жогорулатуу зарыл. Ошол себептен Кыргызстанда саламаттыкты сактоо системасынын негизги багыттарынын бири болуп келет. Эне менен баланын ден соолугун коргоодо негизги көрсөткүчтөрдүн бири болуп, алардын өлүм көрсөткүчү эсептелет. Ал көрсөткүч Кыргызстанда бир аз төмөндөгөнү менен, эл аралык деңгээлде жогору бойдон калууда.
Эне менен баланын өлүмүнүн негизги себептеринин бири – аялдардын кош бойлуу, төрөт мезгилинде сыркоого учурашы жана анын татаалдашып кетүүсү. Мына ошондуктан саламаттыкты сактоо системасынын баштапкы иш-чараларынан болуп “аялдарды коопсуз төрөткө даярдоо” болуп жатат. Кадамжай ҮБМБнун акушер-гинекологдору, акушеркалары, дээрлик бардык аялдар менен балдарга кызмат өтөгөн медицина кызматкерлери 2012-жыл ичинде, 2013-жылдын I кварталында ” Кош бойлуулуктун кооптуу белгилери”, “Аялдарды коопсуз төрөткө даярдоо” курстарынан өтүшүп, азыркы мезгилде улантылып жатат. Кадамжай аймактык ооруканасынын аймагында “Энелер мектеби” ачылып, анда атайын даярдалган адис, кош бойлуу аялдарды төрөткө даярдоо боюнча иш алып барууда. Кош бойлуулар үчүн медицина мекемелерде маалыматтар даярдалган.
5 жашка чейинки балдарды толугу менен көзөмөлгө алуу – медицина кызматкерлеринин негизги иш-чараларынын бири болуп эсептелет. Ушул курак ичинде бала ойлонууга, сүйлөөгө жана өзүнүн потенциалын өнүктүрүүгө үйрөнөт. Бул негизги баалуулуктар жана социалдык жүрүм-турумдун модели түзүлүүчү мезгил. Ушул куракта балдар ар кандай жугуштуу ооруларга көп дуушар болушат. Алардын арасында өлүм көрсөткүчү да жогору болуп жатат. Ошондуктан эмдөө, витаминдоо иштери ушул курактагы балдар арасында жасалат. Балдардын оптималдуу өнүп-өсүүсүнө, дене бой, акыл-эсинин туура калыпталышына жана ошону менен бирге алардын арасында ооруну жана өлүм көрсөткүчүн азайтууда балдардын туура тамактануусу зор мааниге ээ. Мына ушул максатта Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму, ЮНИСЕФ “Балдарды тамактандыруунун стратегиясын” иштеп чыккан. Бул стратегияда 6 айга чейинки балдарды жалаң гана эмчек эмизүү, 6 айдан баштап 5 жашка чейинки балдарга бардык керектүү болгон азык-заттарды камтыган түрлүү тамактарды керектүү өлчөмдө берүү маселелери каралган. Атап айтсак, азыркы учурда медициналык кызматкерлер тарабынан Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин буйруктарынын негизинде 6 айдан 5 жашка чейин балдарга А витаминин берүү, курамы эң керектүү микроэлементтерден турган “Гулазык” кошумча азыгын үй шартында берүү, алдардын арасында оорунун алдын алуунун бирден бир себеби – балдарды эмдөө менен толук камсыз кылуу үстүндө алгылыктуу эмгектенип жатышат. Ушул максатта Кадамжай ҮБМБда жана жер-жерлердеги медицина тармактарында 2013-жылдын 22-апрелинен 27-апрелге чейин 0 жаштан 5 жашка чейинки курактагы балдарга шал оорусун алдын алуу боюнча жумалык эмдөө өткөрүү иш чаралары өтөт.
Аталган иш-чараларды ишке ашырууда ҮБМБнун алдында бир топ кыйынчылыктар кездешүүдө. Кош бойлуу аялдардын көпчүлүгү Россия мамлекетинен төрөткө жакын мезгилде келишип, көзөмөлгө кеч кайрылышууда. Андан тышкары ымыркай балдарын эне-туугандарына таштап, чет өлкөлөргө иштөөгө кеткен аялдардын саны да көп.
Ошондуктан, районубуздун аялдары Кыргызстандын таза генофону үчүн күрөшөлү! Бул – биздин келечегибиз.

Т.Б.Макканов, Кадамжай райондук үй бүлөлүк медицина борборунун директору, Саламаттык сактоо тармагынын координатору

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы