Адам өлүмүнө алып келүүчү илдет ВИЧ СПИД жөнүндө коомчулукта кеңири маалым. Бирок, андан сактануунун жолдору айтылып келсе да бул ооруга чалдыккандар көбөйүп жатканын адистер айтып келишет. Байма-бай жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар пайдасын берип жатабы жокбу? Тамышмак бойдон калууда.
Кадамжай районунан 17 адам бул илдетке чалдыккан. ВИЧ СПИД жөнүндө жаштарга кеңири маалымат берүү максатында «Жаштык» театрында ак халатчандар менен кошо мектеп окуучуларынын ортосунда сахналаштырылган кече болду. Анда негизинен СПИДтин жугуу жолдорун сатира аркылуу чагылдырып, «Биз СПИДке каршыбыз!» деген ураан менен коштолду. Ооруга чалдыккан баланын, айласын таппаган энесинин ыйын сахналаштырган мектеп окуучуларынын чеберчилиги, көрүүчүлөрдүн көзүнөн жаш агызды.
А.Асанов, атайын кабарчы