ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Эркектер тукумсуздукка 40 пайыз күнөлүү

erkek
Кадамжай районунда «Эркектердин ден-соолугунун жумалыгы» боюнча өткөрүлгөн иш чаранын башталышында, ДЧК адистери менен уролог-даарыгерлер райондун борборундагы мекемелердин кызматкерлерине «Эркектердин заара жана жыныстык органдарындагы оорулардын, ВИЧ, СПИДди алдын алуу» деген темада лекцияларды окушту. Лекциялардан кийин врачтарга бир топ суроолор берилип,оорулардын кайрылуусу көбөйдү.
Натыйжада, 86 киши текшерүүдөн өтүштү. Анын ичинен өнөкөт простатит менен 15, простатанын аденомасы 6, өнөкөт пиелонфрит 45, нефроптоз 3, эркектердин тукумсуздугу 6, цистит 5, варикоцеле 5, жана башка оорулар менен 1 адам катталды.
Азыр жумушсуздуктун айынан көпчүлүк эркектер Россияда жана башка өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Айрыкча курулушта, коммуналдык тейлөө ишканаларында (көчө шыпыруучулар) иштегендер аба-ырайынын сууктугунан, урологиялык оорууларга көп чалдыгышат. Бирок врачка баруудан уялышып, кыргызчылык кылышып, маани беришпейт.
Жалпы эле эркектерге, өзгөчө сыртта иштеп жүрүшкөн эркектерге, 40-жылдык медициналык тажырыйбама таянып айтаар кенешим: Алыстан иштеп келгенден кийин сөзсүз урологдун текшерүүсүнөн өтүшүңүздөр керек.Себеби бүгүнкү күндө эркектер тукумсуздукка 40 пайыз күнөлүү-экендигин уролог-дарыгер Р.Омурзаков билдирди.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы