Акыркы жылдары бүткүл дүйнө боюнча кургак учук менен ооругандардын жана ал оорудан өлгөндөрдүн саны азайууда. 1990-жылга салыштырмалуу кургак учук оорусунун өлүм көрсөткүчү 40% га төмөндөдү.
Бирок 2012-жылы Кыргызстанда 5 674 адам кургак учук менен ооруган. 2011-жылга салыштырмалуу 429 учурга көбөйгөн. Ушул жылда бул оорунун айынан Кыргызстанда 454 адамды түзгөн.
Кадамжай ҮБДБ караштуу ден-соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы Кайымова Толкунайдын айтымында, 2012-жылы Кадамжай району боюнча 89 адам кургак учук оорусу менен ооруп катталган. Анын ичинен18 адам өлгөн.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы