2012-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасынын ВИЧ-инфекциясы менен 4532 жаран катталган. Жылдан-жылга ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын саны өсүүдө.
Кадамжай райондук санэпидкөзөмөл борборунун врач эпидемиологу С. Ашымованын айтымында Кадамжай районунда 17 адам ВИЧ оорусуна чалдыккан. Алардын канчасы бул ооруну өспүрүм кезинде жугузуп алгандыгын аныктоо кыйын. Алардын көпчүлүгү СПИД жөнүндө угушканда эмес. Ошондуктан алар өздөрүнүн ал оорудан сактай алышкан эместигин айтып өттү.
Ал эми Баткен районунда 4 учуру, Лейлек районунда 3 учуру, Сүлүктү шаарында 3 учуру катталган.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы