ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Адам өмүрү кымбат го, дарыгер

врач
Эл арасында Гиппократтын антын алган ак халатчандарга нааразы болгондор арбын. Акчаң болбосо, бир ийне сайып коюуга жарабаган шыпаакерлер көп эле кездешээри талашсыз. Жалдырап акча берип, көңүл кош мамиле кылса кайра ишим түшөт деп укугун коргой албаган адамдарда жок эмес.
Редакциябызга Кадамжай районунун тургуну Муратов Топчубай кайрылып, бир дарыгердин шалаакылыгы тууралуу айта баштады:
22-декабрь күнү Аялым кокусунан кан басымы көтөрүлүп, өзүн билип-билбей көк ала боло баштады. Сүйлөй албай калган эле. Түнкү саат 2лер чамасында Кадамжай аймактык ооруканасынын Терапия бөлүмүнө келдик. Терапиядагы дарыгер Назгүл деген бар экен. Бул дарыгер биринчи жардамды көрсөтүүнүн ордуна, «Орун жок, Султан аканин (терапия бөлүмүнүн башчысы) уруксатысыз эч нерсе кыла албайм, жакшы эле экен» – деп чыгарып жиберди. Аялым өзү сүйлөй албай жаткан болсо, 2-топтогу майып, жүрөгүнүн бир клапаны иштебейт. Бул дарыгердин кылган иши туурабы?
Кадамжайда кабыл кылбаган соң, ошол абалында Ошко барып жаткырдым. Оштук дарыгер «ушундай абалда кантип алып келдиңер, кудай сактаптыр» – деп Кадамжайлык кесиптештерине таңыркады.
Кадамжай аймактык ооруканасынын жетекчилиги бул окуяга чара көрөбү? Же көз жумуп актанышабы, алардын иши» – дейт.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

5 Пикирлер

    1. Оор дарт менен кайрылбай эмес, оор дарттан алыс болгула
      Баарыңарга ден соолук жердештер, ошол врач, ошол дарыгерлер өзүңөрдүн эле аке-үке, эже-карындашыңар болсо керек, көп катуу айтпайлы!

  1. Баарыбыздын туугандарыбызда ак халатчандар бар. Мындай конул кош мамилелерине маани бербесек, бей бечара олуп кете берет. Назгул айымды жакшы тааныйм. Сыртынан карап мындай адам экенин билген эмесмин.

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы