ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Массалык чуркоо болуп өттү

el_kdm_001
2012-жылы Кыргызстанда 5 674 адам кургак учук менен ооруган. 2011-жылга салыштырмалуу 429 учурга көбөйгөн. Ушул жылда бул оорунун айынан Кыргызстанда 454 адамды түзгөн.
2012-жылы Кадамжай району боюнча 89 адам кургак учук оорусу менен ооруп катталган. Анын ичинен 18 адам өлгөн.
КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кабыл алынган №51 буйругун ишке ашырууда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аккордук күндөрүн натыйжалуу өткөрүүдө 24-март «Кургак учукка каршы күрөшүү күнү» деп белгиленген.
Ушул иш-чаранын алкагында райондун аймагында мекеме-ишканалардын жана мектеп окуучуларынын арасында «Жашоодо кургак учукту токтотолу!» аттуу ураан астында массалык чуркоо болуп өттү.
МАИ авто унаасынын коштоосунда Кадамжай шаарынын аралай чуркашты. Биринчилерден болуп маарага келгендерге шаардык мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле кургак учуктан каза тапкан кыргыз поезиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун өмүрү чыгармачылыгы сахналаштырылды.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы