ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

«Кургак учук – негизинен аба тамчылары аркылуу жугат»

el_kdm_001
24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата Кызыл-Булак кургак учук ооруканасынын башкы дарыгери Козубаев Закир Нарбаевич менен баарлашып, оорунун алдын алууда эмне кылуу керектиги жөнүндөгү маегибизди окурмандарга сунуш кылабыз.
-Закир Нарбаевич, дарыгер катары окурмандарга кургак учук оорусу тууралуу, анын алдын алуу жөнүндө кененирээк маэк куруп берсеңиз?
-Жакшы болот. Бул оору немец окумуштуусу Роберт Кох тарабынан кургак учук таякчасы табылгандан кийин бул 1882-жылы анын жугуштуу экендиги да аныкталган.
Кургак учук таякчасы ар кандай буюмдарда, азык-түлүктөрдө бир нече айлап жашай беришет.
Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча жылына дүйнө жүзү боюнча 2 млн адам кургак учуктан көз жумат, ал эми биздин өлкөбүздө жылына 6000ге жакын адам кургак учук менен жаңыдан ооруса, 55дей адам кургак учуктан каза болот.
Өнүккөн өлкөлөрдө адамдар кургак учук менен өтө сейрек оорушат. Мисалы, Японияда 100 миң адамдан 4-5 адам гана ооруйт. Ал эми бизде болсо 100 миң адамдын 110-120 адам ооруйт.
Бул болсо санитардык маданияттын бийиктиги-негизги критерийи болуп эсептелет. Жашоо деңгээлинин жогорулуулугу-экинчи фактор.
Өнүккөн өлкөлөрдө медицинага мамлекеттин мамилеси өтө жогору. Кургак учукту алгачкы стадиясында эле табууга мүмкүнчүлүк өтө чоң.
Учук оорусу оорулуу адамдан таза адамга, оорулуу адамдан малга, ошондой эле малдан адамга да жугат. Бул илдеттин эң көп жугуучу органы болуп өпкө эсептелет. 95-98% аба тамчылары аркылуу жугат. Аз санда бирок кездеше турган жугуу жолу, бул тамак аш аркылуу. Бул оорулуу малдын сүтүн, этин ж.б.у.с. чала бышырып же бышырбай жеген мезгилде жугат.
Анча-мынча тери аркылуу жугушу да мүмкүн. Эгерде оорулуу малды сойгон кезде колун кесип алса, анда кан аркылуу өтөт.
– үй бүлө шартындачы, эгер үй-бүлө мүчөлөрүнөн кимдир бирөөсү ооруп калган болсо, аны кандай кармоо керек жана оорунун белгилерин кантип байкоого болот?
-Учук ооруусу тукум куубайт, жыныстык жол аркылуу да жукпайт. Кургак учук оорусу инфекциялык оору болуп эсептелет. Эгер бир үй-бүлөдө оорунун ачык түрү менен жабыркаган бейтап болсо башка таза адамдарга жугузат. Бул ооруу менен көбүнчө турмуш тиричилиги начар, жакыр үй бүлөлөрдөн көбүрөөк кезигет. Көп балалуу энелер, иштебегендер, 75% 20-40 жаштагылар, эмгекке жарамдуулар, көп жылдар бою өнөкөт оорулар менен жабыркап жүрүшкөндөр.
Кургак учуктун жабык жана ачык түрү болот. Жабык түрү анчейин коркунучсуз.
Ооруган адамдан башка адамга түздөн түз жукпайт. Бирок, ачык түрү менен жабыркагандар айлана чөйрөгө өтө коркунучтуу. Жугуштуу түрү менен ооруган адам, элге аралашып жүрүп бир жылда 15 адамга жугузат. Айрыкча кыш мезгилинде бардык үй бүлө мүчөлөрү бир бөлмөдө жатып чогуу укташат. Ошол мезгилдин арасында бир оорулуу болсо, абада миллиондогон учук таякчаларын бөлүп чыгарат. Эгерде 10 киши болсо алардын ичинен бирөө же экөөсү жугузуп алат. Учук оорусу көбүнчө организми начар, бош кишилерге жугат.
Эгерде адам жакшы тамактанып, дене-тарбия көнүгүүлөрүн жасап, таза абада, стадиондордо чуркап, көңүлү куунак жүрсө жукпайт. Учук оорусунун алгачкы белгилери жөтөл, алсыроо, дененин ысышы, тердөө, көкүрөктүн ооруусу, тамакка табиттин жоктугу, арыктоо, чарчоо, кан түкүрүү.
Бул белгилерге адамдар көңүл бурушпайт жана медициналык мекемелерге кайрылышпайт же болбосо өз алдынча дарыланышат. Кийинчерээк бул белгилер күчөйт кан түкүрүү кошулушу мүмкүн. Жөтөл кургак учуктун негизги белгиси. Эгерде жөтөл 2 жумадан ашык созулса анда дарыгерге кайрылып учук ооруусуна текшерүүдөн өтүүсү керек.
-Оорулуу экендиги бизде кандай жол менен аныкталат жана көбөйүү себептери?
-Биздин өлкөдө эң негизги жана колдон келе турган кургак учукту аныктоо ыкмасы бул какырыктан кургак учуктун таякчаларын микроскоп аркылуу издөө, 2 күндүн ичинде 3 жолу какырыктын анализин тапшыруу. Рентгенге түшүү аркылуу. Бирок, кээде рентген диагнозду так кое албайт. Ошондой эле манту реакциясын койсо да болот. Бул ыкма дагы кургак учукту так аныктоочу ыкма болуп эсептелбейт.
Кийинки мезгилде кургак учук ооруусунун көбөйүп баратышына калктын социалдык жана экономикалык маселелеринин жакырданышы себепкер болууда. Мисалы, ички жана тышкы миграциянын күчөшү, ВИЧ инфекциясынын катталуусу (имунитетти төмөндөтөт). Керектүү өлчөмдө финансылык каражаттардын бөлүнбөгөндүгү, ветеринардык эрежелердин сакталбашы таасир этүүдө.
-Андайлардын алдын алса болот да?
-Албетте. Ооруган адам өзүн өтө этияттап кароосу зарыл. Өзүнчө бир бөлмөдө жатып, идиш аяктарын колдонгон соң аны кайнатуу керек. Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозун бет аарчы менен жаап, андан кийин аны жууп же өрттөп салуу керек.
Туберкулез негизинен аба тамчылары аркылуу жугат. Ошондуктан андан эч ким сактанып кала албайт. Анткени, аба бардыгы үчүн бир.
Азыр кургак учук менен күрөшүүгө бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар. Калкты кургак учуктан сактоо мыйзамынын негизинде бардык дары-дармектер акысыз жана жетиштүү санда камсыздандырылган. Үзгүлтүксүз дарылоонун натыйжасында 6-8 айда таза жана толук айыгып кетүүгө болот. Кургак учукту дарылоодо ар кандай элдик медицинанын дарыларын (кымыз, бал, прополис, жаңгак жана ар кандай дары чөптөрдү колдонсо болот) билип кое турган нерсе булардын бардыгы туберкулез бактерияларын өлтүрө албайт. Демек, негизги дарылар болуп эсептелбейт.
Туберкулез менен ооруган жаштар толук дарылоо курсун алып бүтүп, жугушсуздук түрүнө өткөн соң турмуш курууга болот. Ал эми бул оору менен ооруган кыз-келиндер дарыгерлердин уруксаты менен гана балалуу боло алышат. Эгерде жаш балалуу аял болсо (маска тагынып) эмизе берсе болот. Туберкулез сүт аркылуу балага өтпөйт. Бирок эрежелерди так аткаруусу зарыл.
-Майрам алдында айтаар каалооңуз?
-Албетте, эч кимдин жаны оорубасын! Алдыбызда келип турган Нооруз-майрамыңыздар кут болсун! Ден соолугуңуздар чың болсун. Өлкөбүздө тынчтык, токчулук болсун!

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат

А.Тажибаев, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы