ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Кадамжайда 3 адам ууланып ооруканага жаткырылды

Кадамжай районунда 3 адам тамактан ууланып ооруканага жаткырылды.
Кадамжай райондук сан.эпид көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Гүлмира Анарбаеванын айтымында, 13-февраль күнү Кадамжайдын Орозбеков айыл аймагынын 3 тургуну тамактан ууланып оор абалда ооруканага жаткырылган.
Алар консерваланган туздуу бадыраңдан ууланышканы аныкталды.
Уулангандардын абалы бүгүнкү күндө салыштырмалуу жакшы.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы