КООМ

Сулуулар тандалды

СулууларӨткөн ишемби күнү “Жаштык” маданият сарайында райондук жаштар кеңеши тарабынан уюштурулган “Кадамжай сулуулары” конкурсу болуп өттү. Аталган таймашка аймагыбыздагы мектептердин бүтүрүүчү класстарынын кыздары катышты. Сулууларды тандоодо кыздардын табийгат тартуулаган “чырайына” гана көңүл бурулбастан, салат жасоо, улуттук кийимдердин модасын көргөзүү, кыргызча бийлөө, ырдоо сыяктуу аткарылган жеке номерлердин жыйынтыгы текшерилди.
Конкурстун аягында райондук Жарандык Актыларды Каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзат Бакиева башчылык кылган калыстар тобу төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарышты.
Биринчи орунга Көтөрмө айыл округунун Молдо Нияз атындагы гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Токторова Жумагүл татыктуу болуп, түстүү телевизор менен сыйланды.
Ал эми экинчи орунду Охна гимназия мектебинин окуучусу Нурдинова Мадина ээлегендиги үчүн чаң сооргуч белегинин ээси болду.
Бабажан Айтматов атындагы орто мектебинин алдында ачылган Эл Аралык Инновациялык Технологиялык Университетинин колледжинде билим алып жаткан Нийматали кызы Айнурага үчүнчү орун берилип, DVD белекке берилди.

«Эл жарчысы»

3 Пикирлер

  1. охоооо мынча жакшы, кадамжай сулуусу болуп откон болсо, кызыыыыык канча мектеп катышты болду экен, канча кыздын арасынан биринчи экинчи орунга жетишишти болду экен))))))))

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы