Марказ айылындагы Гүлпиян участкасындагы 18-июнда болуп өткөн бул кайгылуу окуядан кийин 5 баласы менен калган аялына, башкача айтканда, Бакыт Тагаевдин үй бүлөсүнө жардамдар бериле баштады.
Тактап айтканда жакында КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Г.Мадеминов келип, маркумдун үйүнө барып, бата кылып, Жогорку Кеңештин атынан 50 миң сом акча каражатын тапшырды. Мындан сырткары буга чейин райондук, областтык жетекчилер тарабынан бир топ жардамдар берилген.
Жакында Кадамжай шаарынан, учурда Россия Федерациясында иштеп жүргөн жердешибиз, журналист Гульбахар Якубова да бул үй бүлөдөн кабар алып, өзүнүн жанынан маркумдун балдарына окууга баруусуна керектелген буюм-тайымдарды тапшырып кайтты.
Бакытбек жөнүндө Марказ айылынын эли жалаң жакшы сөздөрүн гана айтышат. Ушундай элпек, жылуу-жумшак бала эле деп эскеришет. Көрсө ал бала-чакасын өзүнүн автомашинасы менен жүргүнчүлөрдү ташып, бакчу экен. Мындай иштерден кийин айрыкча энеси Темиржандын ыйлап-сыктаган абалын көргөн кишинин зээни кейибей койбойт экен.
Атайын кабарчыбыздан