КООМ

«Көтөрмө» фондунун көмөгү

көтөрмө
Москва шаарында районубуздун Көтөрмө айыл округунун эмгек мигранттарынын «Көтөрмө» фонду уюушулуп, чет жерде иштеп жатышкан жердештерибизге жакындан жардам берип келе жатат. Аталган фондунун лидери Сапарали Имаралиевдин айтымында, бүгүнкү күндө фондун 500дөй мүчөсү катталып, аздыр-көптүр иштеп жаткан кези.
Фондун максаты кокустук кырсыкка кабылган же ооруп калган мигранттарга жардам берүү менен гана чектелбестен, айылдын инфроструктурасын өнүктүрүүгө да зор салым кошушмакчы.
Чет жерде иштеп жүрүшкөн жердештерибиз түзгөн фонд тарабынан, «Курбан» айт майрамынын урматына, айылдын борборундагы «Эшен ата» мечитине 4500сом акчалай жардам берилди.Ошондой эле Көтөрмө айыл округунун башчысы М.Токторов да мечитке керектүү баалуу каражаттарды тартуулады.

А.Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы