17-ноябрда Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият сарайында Баткен облустук казыяттын имаратынын курулуш иштерин бүткөрүү үчүн өткөрүлгөн марафонго, облустун казысы Н.Арипов, райондун акиминин орун басары И.Мамарасулова жана айыл округударынын, ишкана-мекемелердин өкүлдөрү менен райондун жашоочулары катышышты.
«Урматтуу мусулмандар дүйүнө жүзүндөгү бардык белгилүү мечиттер, ашар жолу менен бүткөрүлгөн. Ошондуктан, ар бир мусулман адам колдон келсе, мечиттерге жардам берсе, чоң соопчулук иш кылган болот.
2010-жылы облустук казыяттын имаратынын курулушу башталып, бирок бүтпөй калган. Жакшы ишти андан ары улантуу максатында, областыбыздын көп жерлеринде марофондорду өткөрүп жатабыз.
Кадамжай районунун жетекчилиги да бул ишти өткөргөнгө көңүл буруп, бир топ жакшы шарттарды түзүп бергенге күбө болуп олтурасыздар.Буга казыяттын атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле марафонго салым кошууда, ар кимдин өз эрки. Тактап айтканда, бирөөнү-бирөө зордош жок. Ар кимдин өз ыктыяры».- деди облустун казысы Ниязаалы Арипов.
Андан кийин райондун акиминин орун басары И.Мамарасулова бул жакшы жөрөлгөнү чын-дилинен колдоорун билдирип, Ислам динидеги тарбиялык мааниси бар сөздөрдү сүйлөп, акимияттын кызматкерлери тарабынан чогулган 7 миң сомду курулуш ишине багыштады.
Актурпак айыл округнун башчысы А.Төралиев өзү жетектеген айылдын жашоочуларынын атынан 60 миң сом урнага салып, мындан ары да казыяттын курулуш ишине жакындан жардам берерин айтты. Ал эми Халмион айыл округунун башчысы Лутфилла ажы Рахматуллаев диндин коомдогу тарбиялык маанисине кеңири токтолуп, аталган айылдын элинин атынан 30 миң сом берди.
Андан тышкары ишкана-мекемелердин, айыл округдарынын жана айыл мечиттеринин өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, акчалай жардамдарын беришти.
Жыйынтыгында район боюнча 203675 жыйылып, облустук казыятка өткөрүлүп берилди.
«Эл жарчысы»