КООМ

Бата берээр чоң энең мас абалда

арак
Мен жакынкы күндөрү түшүмдө да көрбөгөн окуяга күбө болдум. Жумушума күн сайын маршрутка да же таксиде каттап иштегендиктен, жумуш бүтүп, үйгө жөнөгөнмүн. Жүргүнчү толо турган маршурткага чыгып турсак, оромолдору кыйшайган, аппакай чачтары буйдаланган, 65-70 жаштагы кемпир «жинди сууга» тоюп мас абалда, аны ушул эле жаштын айланасындагы аксакал жетелеп чыкты. «Ой тообо» деп маршруткада турган адамдар дуу күңүлдөштү.

Аңгыча эле алардын артынан көздөрү кызарган 40-50 жаштагы мас аял да чыгып отурду. Маршрутка жым-жырт боло түштү. Кээ бирлери жинденгендери жүздөрүнөн билинип турса, калгандары бири-бири менен шыбыраша баштады. Кемпир менен чал эч нерсе болбогондой бийик үн менен сүйлөшө башташты. Маршрутка жөнөөр алдында торт көтөргөн биздин айылдын тургуну, чоң үй-бүлөнүн атасы тентеректеп, мас болуп олтурган аялдын алдына отурду. Эки экиден олтурган бул жуптуктар канча адамдын канын кайнатканын билишпесе керек. Бул мас аялдар тааныш эмес, башка жактан келген немелер экен. А уялбаган аксакалдар коңшулаш айылдын адамдары.
Айыл жерлерине арак аялдар аркылуу агылуудабы? Аял, эне, адам деген атты булгашкан бул мас кемпирлер кандай адамдан төрөлүп, кандай бала төрөдү экен деген ойго батасың. Ар кимдин өзүнүн эрки деген демократия ушул абалга салдыбы? Же жараткандан коркуунун жоктугубу… Эх! Биздин абийирдүү ата-бабаларыбыздын, мээримдүү энелерибиздин атына жаман тамга баскандар. Айыл жерлеринен эч кайсы адам мас болсо да коомдук жайга мас кемпир жетелеп чыккан эмес. Биз өсүп келе жаткан жаштарга ушинтип таалим-тарбия беребизби. Баарына күнөлүү «жинди сууга» сугарылган жасалма аксакалдар. Карылыкка жеткен жакшы, бирок анын касиетине жетпеген өтө жаман.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы