МАЙРАМДАР

Карылар күнү белгиленди

карылар күнү белгиленди
1-октябрь – карылыр күнүнө карата өлкөбүздө ар кандай иш чаралар уюштурулду. Кадамжай поселкалык башкармасы тарабынан элүү чакты карыяларга белектер берилип, сый-урмат көрсөтүлдү. Б.Өмүрзакова атындагы музыкалык мектептин окуучулары чакан программадагы концерт тартуулады.
Бул майрам жүрөк эзди. Өлкө боюнча жүрүп жаткан мындай иштерге назар салып, бир чети кубансаң, бир чети кайгыга батасың. Өлкөбүздө күндөн-күнгө карылар үйү көбөйүп жатканына мурда маани берген эмес экенмин. Адам баласынын дүйнөгө келишине, өсүп жетилишине кам көргөн эне эмеспи. Ушул ыйык энелердин канчасы кароосуз калып карылар үйүндө жашап жатканын теледен көрүп көзүмө жаш кылгырды. Карыялар майрамында белек алып жаткан ак сакал аталар менен ак жоолук энелердин жүзүндө утурумдук кубаныч уялаганы менен багып өстүргөн балдырынын дидарына, туулган жеринин топурагына зар болгон кайгы-муң көздөрүнөн байкалып турду.
Оор тагдырды баштарынан өткөрүп жатышкан карылардын маңдайына түшкөн бырыштар, ушул кыйын күндөрүн сырдуу тамгалар менен жазып койгондой. Акка айланган чачтарын сылашып, кирдеп бүткөн жоолугун четин тиштеп айланага ойлуу караган энелерди көрүп, «Эх адамзат, неге кайдыгерсиң!» деп улутунуп койдум.

Акын Шайлообек Дүйшеевдин ыр саптары эсиме түштү:

Көр кылды го көңүлдү азыр заман,
Көчүп барат көңүлдөн акыр заман.
Тарыхыңда кыргыз эл жок эле го,
Ата-энесин кыз-уулу батырбаган.
Көзүңдү ким көр кылып будалаган,
Кайсыл шайтан каргышын дубалаган.
Качан кыргыз какшатып карып кылып,
Карыларын ит өңдүү кубалаган?!

Ооба, кыргыздын тарыхында болбогон буга окшогон аянычтуу көрүнүштөр күндөн-күнгө көбөйүүдө. Карылардын канчасы базарларда, көчөлөрдө нан үчүн тилемчилик кылып жүрсө, канчалары жакшылыктан үмүт үзбөй кароосуз калгандардын үйүндө жол караганы-караган.
Ислам дининде да ата-энелерин таштамак түгүл аларга «уфф» деп айтууга да тыюу салынат. Мусулманчылыкты туу туткан акылман ата-бабаларыбыз «Ата-энең сенин бейишиң. Аларды аздектеп кароо менен акыретке өз бейишиңди куруп ал» деген экен. Демек, бул жашообуз үчүн да, акыретибиз үчүн да бейиштегидей жыргал жашоону үмүт кылсак, терең ойлонолу замандаш.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы