МАЙРАМДАР

Мугалимдер ыр сунду

el_kdm_001
Быйылкы «үй-бүлө, кечиримдүүлүк, тынтык жана ынтымак» жылынын урматына ар кандай иш чаралар уюштурулуп келет.
Буга байланыштуу өткөн аптада Кадамжай району боюнча агартуу майданынын кызматкерлери ортосунда «Ыр кесе» болуп өттү. Алгач акимдин орун басары Инават Карынбаевна сөзгө чыгып, мугалимдер жөнүндө жылуу сөздөрүн айтып өттү.
Мугалимдердин ар тараптуу таланттары көрүүчүлөрдү таң калтырды. Ыр, бий, көркөм окуулар, комуз ойноо, акыйнек жана Манас айтуу менен бир-бирине «ыр кесени» сунуп жатышты. Айрыкча Үч Коргондук тажик эжекелердин, ыр бийлери жана Манас айткандары көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Мугалимдердин билим берүү тармагында гана эмес ар кандай жөндөмгө ээ экендиги көрүнүп турду. Мисалга алсак, А. Камбаров орто мектебинин мугалими Арпидин Ысманалиев КР валейбол боюнча чемпиону. Мугалим спортчу гана болбостон «Ыр кесе» майрамында сахнада чимирилип бийлеп, созолонто обон созгондугу буга далил. Ошол күнү Ж. Мамажанов атындагы маданият сарайы чоң салтанаттын очогуна айланды.
Жыйынтыктоо учуру келип, «Ыр кесе» ак халатчандарга сунулду. ҮБМБнын директору Таалай Макканов мугалимдердин тартуулаган таланттарына ыраазычылыгын билдирип, «Ыр кесени» даарыгерлер да жакшы даярдыктар менен өткөрүүгө убадасын берди.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы