МАЙРАМДАР

«23-февраль – Мекен сакчыларынын Күнү»

Куттуктоо зам аким
Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин орун басары Т.Илиязова «23-февраль – Мекен сакчыларынын Күнү» майрамы менен куттуктайт.

Урматтуу Мекен сакчылары!
Урматтуу Мырзалар!
Сиздерди келе жаткан 23-февраль Мекенди коргоо Күнү менен куттуктайм! Улуу держава Советтер Союзунун курамынан чыгып, өз алдынчалыкка багыт алган күндөн тарта, Кыргыз мамлекетинде да өз Армиясы, чек ара кызматы түзүлүп, жоокерлер өз милдеттерин элдин тынчтыгы, мамлекеттин коопсуздугу, аймактын бүтүндүгү үчүн, милдеттерин мыйзам чегинде абийирдүүлүк менен аткарып келе жатышат. Жигиттер үй-бүлө башчысы, ишеничи, тиреги сыяктуу эле Мекенди коргоодо да артыкча укукка ээ. Анткени, Армияда кызмат өтөө милдети Конституция боюнча мырзаларга гана таандык. Андыктан элдин ишеничи, коомчулуктун тилеги, Армиянын курамы заманбап жана күчтүү болуп, жоокерлердин катары Ата Мекенге ак кызмат кылган, дени сак жаштар менен толукталып, тынчтык күндө гана кызмат өтөсө деген аруу тилекти айтмакчымын.
Мекенибизде ар дайым тынчтык болуп, балдарыбыз бейпил турмушта жашап, ырыс-таалайлуу жоокерлер катары ыйык милдетин аткарып турсун.
Бул майрам мырзаларга гана тиешелүү болгондуктан, учурдан пайдаланып, бардык мырзаларды куттуктап жакшылык, ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы