МАЙРАМДАР

Кадыр барктуу карылар

kdm_karylar
22-октябрь күнү Кадамжай шаарында карыларды сыйлоо кечеси болду. Кадамжай районунун аймагындагы айыл округтардан карыялар келишти. Аларга сый-тамактар берилип, маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан концертик программа тартууланды. Сөзгө чыккан мекеме-ишканалар жетекчилери карылардын азыркы тынч жашоого салымдары чоң экенин айтып өтүштү. Келген аксакал аталарга ак калпак, ыйык энелерибизге ак жоолуктар салынды.
Бирок, азыркы күндө карылар үйүлөрү күндөн-күнгө толуп бара жаткандыгы өкүндүрөт. Бул кимдир бирөөнүн ыйык ата-энелери көчөдө калып жаткандыгы.

Акын Б. Жамгырчиевдин ыр саптарында айтылгандай, карылар дайым кадырлуу.

Төрдүн көркү, элдин көркү карылар,
Төрүбүздө урмат көрчү маалыңар.
Дем күч болуп жалындаган жаштарга,
Ден-соолукта жүрүңүздөр баарыңар.

Сиздер барда кыргыз элдин жаны бар,
Сиздер барда булл өмүрдүн шаңы бар.
Калк ичинде кадырыңар бек болуп,
Кайратыңар ташып турсун карылар.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы