БИЛИМ, ИЛИМ

Мектептерди жылытуу көйгөйү курч

el_kdm_001
Кычыраган кыш мезгили да кирип келди. Бирок, тилекке каршы районубуздун аймагындагы кээ бир мектептердин бүгүнкү күнгө чейин жылытуу системасы начар абалда экенин айтпаса да белгилүү. Атап айтсак, Орозбеков айыл округунун Күлдү орто мектебинин кышка карата даярдыгы жок экенин айыл жашоочулары, жергиликтүү башкарууга жана тиешелүү жетекчиликтерге кат жүзүндө кайрылышкан.
Кар түшүп, күн суук болуп кетти. Күлдү мектебинде жылытуу системасы иштебегендиктен кааналар суук. Мурунку жылы жылытуу системасы үчүн бул мектепке 230 миң сом акча каражаты бөлүнүптүр. Мектепте окуу жүрүп жатат. Бирок, окуп жаткан окуучуларга суук тийип, ооруп калса буга ким жооп берет? Өткөндөгү суук күндөрү мугалимдер да 1, 2 саат сабак өтүшүп, окуучуларды коё берип жатышкан фактылар бар. Мектеп жетекчилиги, кала берсе РайОО, айыл округу мындай көрүнүштөргө көңүл кош мамиле жасагандыгы байкалат.
Мындай кабар райондук мамлекеттик администрацияга маалым болгондон кийин раймамадминистрация башчысынын орун басары И.Мамарасулова жана СЭС кызматкерлери тарабынан текшерилип, тез аранын ичинде мектептин жылытуу системасын ишке киргизүү жагы эскертилди.

«Эл жарчысы»

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы