БИЛИМ, ИЛИМ

25 студент билим алып жатат

25 СТУДЕНТ БИЛИМ АЛЫП
Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинде Эл аралык инновациялык технологиялар Университетинин алдындагы колледж окуу жайы ачылып, бүгүнкү күндө бул окуу жайда 25 студент билим алып жатышат.
Буга чейин районубуздун аймактарынан 9-классты бүтүрүшкөн окуучулар окуу жайга кирүү үчүн экзамен-сынактарынан өтүшкөн. Бул студенттер аяктагандан кийин башкача айтканда 11-классты бүтүрүшкөндөн кийин, Бишкек шаарындагы Эл аралык инновациялык технологиялар Университетинин 2-курсунан баштап окуусун улантышат.
Жакында ушул окуу жайдын ачылыш аземи болуп өттү. Аземди Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин директору Т.Б.Айтматова ачып, алып барды. Адегенде ушул окуу жайдын студенттеринин чыныгы студент болушу менен куттуктады.
Ачылуу аземине Эл аралык инновациялык технологиялар Университетинин ректору Улукбек Турдалиевич Бегалиев катышып, студеттерди куттуктап, аларга студенттик билеттерин жана сынактык китепчелерин тапшырды. Ошондой эле У.Т.Бегалиев аталган колледжге 5 комплект компьютер тапшырды.
Албетте, өзүбүздөн чыккан кадрыбыз Улукбек Бегалиевдин мындай колдоосун элибиз жогору баалайт деп ойлойм. Себеби, республиканын ичинде биринчилерден болуп, биздин районубузга ачылган бул окуу жай элибиз үчүн, жаштарыбыздын терең билим алуусу үчүн кызмат кылат демекчимин.

А.Тажибаев атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы