5-6 чакырым жөө мектепке келип, билимге умтулган окуучуларды көрүп кубансам, алардын көргөн кыйынчылыктарын угуп боорум ооруйт. Кеп башынан болсун.
Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл округу жыл сайын жылдын жыйынтыгы менен «Мыкты айыл округу» аталып келет. Чындыгында бул айыл округунун башчысы Махмут Токторовдун аракети менен жаңы спорт аянтчалары, бала бакча, мекеме-ишканалар жаңыдан курулган. Бул айыл округу республикалык, облустук гезит беттеринде байма-бай макталып келет. Бирок, алыска жөө баскан окуучулардын көйгөйү чечилсе анданда жакшы болмок.
Аталган айыл округдун Кызыл-Булак жана Тамаша айылдарынын аралыгында жайгашкан, Ак-терек, Курулуш айылдары (Маданий курулуш) мектеп жашындагылардын мектепке баруусу кыйынчылык туудурууда. Билим алганы 41 окуучу Кызыл-Булак айылындагы №4 Көксал Топтан мектебине 5-6 чакырым жөө барышат.
Мен ушул айылдардын окуучулары менен баарлашканымда, 1-2- класстын окуучулары «Безге унаа каттатып бересизби?» дешип, наристелик сезим менен үмүттөнүштү. Окуучулардын биринен-бири сөз талаша арызданышып, «Биз эрте менен 7 лерде мектепке жөнөйбүз, кышта күн суук, караңгы болот. Тамаша айылынан келе жаткан таксилер албайт. Жамгырда, карда, ысык саратанда өтө кыйналабыз » деп ыйламсырашат. Жөө каттап жүрүп мектепти аяктаган Зулпидин кызы Каныкей: – чындыгында жол алыс, 1-4-класстарда окушкан жаш балдар өтө кыйналышат. Окуучуларга жардам беришсе жакшы болоор эле – дейт.
Ал эми башталгыч класстардын мугалими Базарбаева Гулинисанын айтымында, чарчап келишкен балдар класска кирээр менен уктап калган учурлар болот. Бооруң ооруганынан 10-15 мүнөтчө ойготпой койобуз. Бирок, бул айыл балдары чыйрак келишет. Сабакты да жакшы окушат.
Биз бул маселе боюнча Көтөрмө айыл округунун башчысы М. Токторовко суроо узатсак, төмөнкүлөргө токтолду:
Биринчиден каржы маселеси оор. Мен эч болбосо башталгыч класстарга мектеп ачып берүүгө аракет жасап жатам. Бирок адамдардын да саны аз. Анан сел көп катталчу аймактар, жер маселеси тартыш. Бардык айлананы тосуп ээлеп алышкан. Кудай буйурса бул айылдарга да жакындан жардам болот.
Балдарын эрте менен мектепке узатып, кайтаар мезгилде жол караган ата-энелердин бири Нажимидин Каримов буларды айтты:
-Жазында го кыйла жеңилирээк болот. Кышында үшүп үйгө араң келишет. Жөө баса беришип, бут кийимдерди тез-тез айрылып, 2-3 жолудан жаңылайбыз. Балдардын алыска барып окуп келгенинен, сабактарын көзөмөлдөп. Каттаганга жараша окугула дейбиз – дейт.
Эң негизгиси 6 жаштан 10 жашка чейинки балдар 5-6 чакырым жерди жөө басып өтүшүп, жолдогу үшүгөндөрү, тамандарынан таш өткөндөрү билим алгандыгы үчүн эстеринен чыгып, тырышып окуп жаткандыгына кубанбай койбойсун. Булардын күндө алыс аралыкты тынымсыз багындырып жаткандарына «Чемпиондор» дегим келди.
Жогорку бийликте олтургандар бир туулган күнгө эсти оодарган акчаны сарптап жатканы, бийликке жетүү үчүн, митингтерге миллион чачкан кыйындар, эртеңки келечек ээлеринин көйгөйлөрүн чечкенге жардам беришсе кана.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы
«Чемпиондор»))))))))))))))
бул масале чечилиши кыйын аябай бирок балдарга рахмат кыргызстанды туусун көтөрө турган азматтар ушулардан чыкпаса кимден чыгат