МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

ЖЭЭНБАЕВ ГЫЛАМИДИН ТАШПОЛОТОВИЧ

Гыламидин Жээнбаев
Жээнбаев Гыламидин Ташполотович 1964 – жылы Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн.
Ал эмгек жолун 1985-жылы П.Тольятти (азыркы Молдо Нияз) атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Райондо алдыңкы, чыгармачыл мугалимдердин катарына кошулуп, традициялык эмес сабактарды өтүп, окуучуларынын билим-деңгээлин жогорулатууда чоң салым кошкон.
1992-жылы ОшМУнун алдындагы аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүнө (кыргыз адабияты адистиги боюнча) тапшырган. 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин тилдерди жана адабиятты башталгыч класстарда окутуунун усулияты кафедрасына окутуучу болуп которулган. 20 жылдан бери педагогикалык окуу-тарбиялык иштер менен бирге кыргыздын алгачкы жазгыч акыны, жердешибиз Молдо Нияздын чыгармачылыгын изилдөө илимий иштерин жүргүзүп келет.
Бул жылдардын ичинде 12 тезис, макалалары республикалык басма сөз беттеринде жарык көрдү жана 1 китепчеси басмадан чыгарылган.
Натыйжада Гыламидин Жээнбаев “Молдо Нияздын акындык чеберчилиги” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, филология илимдеринин кандидаты илимий даражага ээ болгон.
Азыркы учурда Ош Мамлекеттик Университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинде тилдерди жана адабиятты башталгыч класстарда окутуунун усулияты кафедрасынын ага окутуучусу болуп эмгектенип келет.
Үй бүлөлүү, 1 уул, 3 кыздын атасы.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы