МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

ЖЕРГЕБИЗДЕН ДАГЫ ОКУМУШТУУЛАР ЧЫГАБЫ?

el_kdm_001
Касиеттүү Кадамжайдын калкы өлкөбүздүн пайдубалын түптөгөн кыргыздын алгачкы эл башчысы Абдыкадыр Орозбековдун, андан ары мамлекет болуп калыптанышына тоодой ак эмгек өтөгөн коомдук ишмерлер Апсамат Масалиев, Азиз Токтобаев сыяктуу инсандардын ысымдары менен сыймыктанышат.
Калкыбыз эл башкарган тарыхый инсандардан тышкары илим казган окумуштуулардан да куру эмес. «Билим алуу — ийне менен кудук казгандай»-деген элибизде нускалуу кеп бар. Бирок, илимди өнүктүрүүгө Ала-Тоодой эмгек кылган кадамжайлык аалымдардын ысымдарын элибиздин көпчүлүгү билише бербейт.
Элибизге экономика илимдеринин доктору Азиз Токтобаев, медицина илимдеринин докторлору Зиябидин Айдаров, А.Райымжанов, техника илимдеринин доктору Илимидин Абдрасулов, физика-математика илимдеринин докторлору Исламидин Ташполотов жана Зикир Пакиров сыяктуу окумуштуулар аздыр-көптүр маалым.
Бүгүнкү күндө 20 ашык кадамжайлык илимдин докторлору, профессорлор 15 ашык илимдин кандидаттары бар. Алардын көпчүлүгү борборубуздагы ЖОЖдо эмгектенишүүдө. Албетте, «ийне менен кудук казган» — бул агайлар, советтик мектептен татыктуу тарбия жана терең билим алган инсандар.
Демек, окмуштуулардын санынын көптүгү, калкыбыздын илимдүү экенин тастыктап турат. Ал эми эгемендүү өлкө болгондон кийин, окуу жайлар контракттык негизде билим берип жатышкандыгы баарыбызга маалым. Ошондой болсо да жаштар арасында билим алууга умтулгандар аз эмес.
Эгемендүүлүктүн шарапаты менен Россия, Туркия, Америка, Чехия сыяктуу өлкөлөрдө окугандар көп.
Бирок, азыркы бардык нерсени акча чечкен заманда, илим казганга кызыккан жаштар барбы? Башкача айтканда, жергебизден дагы окумуштуулар чыгабы? — деген суроолор коомчулукту кызыктырып келет.
Жогоруда айтылгандай, элибизден чыккан илимпоздордун жолун улап, окумуштуу болом деген жаштарыбыз жок эмес. Жакында эле жердешибиз жаш окмуштуу Замир Максутов педогогика илимдеринин кандидаты болду.
Элибиздин чыккан окмуштуулардын сүрөттөрүн, өмүр баяндарын ар бир мектептердин окуу залдарына илүү керек. Андай сүрөт көргөзмөнү көргөн окуучуларда терең билим алууга шыктануу пайда болоору талашсыз.
Андан тышкары коомчулукта жергебиз окмуштууларга бай экендиги тууралуу маалымат менен камсыз болот эле. Бул жакшы жөрөлгөнү райондук элге билим берүү бөлүмү иш-жүзүнө ашырууга тийиш.
«Аккан арыктан суу агат»-демекчи, келечекте касиеттүү жерибиздин уул-кыздарынан дүнүйө жүзүнө белгилүү аалымдар чыгат деген ишеничтебиз.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы