Жакында районубуздун борборундагы №17 Кадамжай орто мектебинин чоң залында «Жыл мугалими-2013» кароо-сынагы болуп өттү. Бул кароо-сынакка буга чейин аймактарда өткөн иш чаранын жыйынтыгы менен башкача айтканда алдыңкы орунду ээлеген мугалимдердин райондук туруна 11и катышып, булардын ичинен сынактын жеңүүчүсү болуп, Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Байзакова Гүлмама табылды.
«Эл жарчысы»