МАДАНИЯТ

Депутаттын салымы чоң!

Ч.Султанбекова
Өнүккөн Европа өлкөлөрүндө жашаган жарандардын үйлөрүндө чоң китепкана бөлмөсү сөзсүз кезигет. Китептердин көптүгү – ошол үй бүлөнүн же мамлекететтин байлыгы болуп саналат. Албетте, мындай көрүнүш үй бүлөнүн же мамлекеттин маданияттуулугун, дүйнөнү таанып-билүүдөгү жетишкендиги болуп эсептелет.
Өткөн жума күнү Ж.Мамажанов атындагы маданият сарайында КРнын ЖК депутаты Ч.А.Султанбекова өзүнүн фондунан 250 миңден ашык сомду түзгөн көркөм, адабий китептерди райондук борбордук китепканага тапшырды.
Бир топ жылдардан бери борбордук китепкана заманбап жаңы адабияттар менен толукталбай келет. Мындай муктаждыкты эске алган Ч.Султанбековага, райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары И.Мамарасулова, Б.Айтматов гимназия мектебинин директору Т.Айтматова, Борбордук китепкананын башчысы Д.Бапиевалар депутатка ыраазылык билдирип, рахмат айтышты.
Ч.Султанбекова өз сөзүндө мындан ары китепканада иштеген эжекелерди тажырыйба алмашуу максатында эки-экиден кылып, Америкага жөнөтүп турарын жана жаш окурмандар арасында жакшы жазылган дилбаяндарга конкурс жарыяланып, алдыңкы орундарга “Баяман” фондунан баалуу белектер менен сыйланаарын өзгөчө белгиледи.
Андан ары жыйын Республика партиясынан Кадамжай шаардык Кеңешине шайланган депутаттар менен элдин катышуусундагы жолугушуу менен уланды. Биринчиден, ЖК депутаты Ч.Султанбекова шаарга Республика фракциясынан депутат болгон жарандарыбызды куттуктады. Ошондой эле алдыдагы максаттар жана эл ичинде кандай көйгөйлөр болсо, жакындан жардам көрсөтөрүн билдирди.
Жолугушууда эл тарабынан берилген бир топ суроолорго Ч.А.Султанбекова жооп берди.

Атайын кабарчыбыздан

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы