МАДАНИЯТ

Кыргыз Республикасынын идеологиясы

Идеологияга
БИРИМДИКТЕ ЫНТЫМАК АРКЫЛУУ ӨНҮГҮҮ.
ИДЕОЛОГИЯНЫН ЗАРЫЛЧЫЛЫГЫ

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет болгондон баштап, жаңы коомго өтүп, бир жагы базар нарк мамилесинин татаал жолу болсо, экинчиси эгемендүүлүктү эңсеп, анын келгенине сүйүнгөн элдин максаты купулуна толбой, жашоо турмушу начарлап, мамлекетибиздин экономикасы жылдан-жылга төмөндөп кеткендиги Кыргызстандагы жарандардын жүрөгүн өйүткөн көйгөйгө айланды. Себеби, мамлекеттин гүлдөп өнүгүүсүнө жол ачкан, жалпы элдин татыктуу жашоосу үчүн өкмөт тарабынан көрүлгөн иш аракеттердин иш жүзүндө сапаттуу аткарылуусуна өзөктүү идеология керек эле. Тилекке каршы, азыр да мамлекетибиздин өзөктүү идеологиясы жок. Баарыбызга маалым болгондой, ар бир мамлекеттин өзүнө таандык анын кызыкчылыгын коргогон жазылган же жазылбаган туруктуу идеологиясы болот. Андыктан, идеологиянын мааниси түшүнүктүү болуу үчүн жөнөкөй тил менен түшүндүрмө берсек, идеология бул-мамлекеттин көздөгөн туура өнүгүү багыты жана анын ийгиликке жетүүдөгү эрежеси. Салыштырмалуу айтканда, автоайдоочулардын жол эрежесине окшош. (ПДД) Ошол жол эрежени автоунаанын айдоочусу бузганда бир кырсыкка учурагандай эле, мамлекет өнүгүү багытындагы туура эрежесин сактабаса, туңгуюкка кабылып калары талашсыз. Өлкөбүздө ошол мамлекеттин экономикалык өнүгүүдөгү эрежеси сакталбагандыктан, эки жолу революциялык жол менен бийлик алмашты.
Эгемендүү өлкөбүздүн өзөктүү идеологиясынын жоктугунун натыйжасында чет өлкөлөр биздин жаратылыш кен байлык менен геошартыбызга кызыгып, өздөрүнүн саясий, экономикалык эле эмес, элибиздин салтына, адеп-ахлагына, улуттун өз алдынча өнүгүүсүнө терс таасирлерин тийгизүүчү идеологиясын таңуулап келүүдө. Чет элдик кеңешчилердин көрсөтмөлөрү менен мурдагы бийлик жетекчилер мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген ар кандай саясий, экономикалык реформаларды жүргүзүп, анын натыйжасында союз учурунда элибизге калган өндүрүштүк базаларыбыз менен айыл чарбаларыбыздын дээрлик көпчүлүгү талкаланып жок болду. Карапайым эл арты 6 сотыхтан баштап, алды 3 гектар үлүшкө ээ болушкан болсо, чет элдик капиталисттер экономиканын негизги өзөгүн түзгөн кен байлыктарга ээ болушту. Тактап айтканда, чет өлкөлөрдүн компаниялары менен экономикалык багыттагы эки тараптуу түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына түзүлбөгөндүктөн, эгемендүүлүккө доо кетип, өлкөбүздүн өнүгүү багыттарын туңгуюкка алып келди. Ошондуктан, идеология канчалык тез жанданса, ошончолук мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө өбөлгө болуп жана муундарыбыздын өнүгүүсүнө шарт түзүлмөк. Биздин өлкөдө болсо, бийлик жетекчилер мамлекеттик идеологияны иштеп чыгып, аны жүргүзүүнүн ордуна эгемендүүлүктүн баркына жетпей, кыргыз элин татыктуу жашоосуна күрөшүп, келечек муундардын тагдырын ойлобой, мамлекетти чыңдоонун ордуна жеке кызыкчылыкты көздөп, чет өлкөлөрдүн акчаларына азгырылды. Анын натыйжасында Кыргыз мамлекети экономикалык эле эмес, саясий, укуктук социалдык, руханий тарбиялык кризиске да дуушар болду. Мамлекетибиз өнүгүү багытында башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу экономикалык эле эмес ойлоп табуудагы илимий жана электротехникалык ачылыштардан жүздөгөн жылдарга артта калды.
Эгемендүүлүктүн алгачкы доорунда болсо Кыргызстандын экономикасын көтөрүү максатында дүйнөлүк жана чет элдик банктардан 2 млрд АКШ долларына жакын алынган тышкы карыздарды өкмөт үнөмдүү пайдаланбай, тактап айтканда, көзгө көрүнөрлүк өндүрүштүк ишканалар курулбастан, кумга суу сиңгендей эле коррупцияланган бийлик жетекчилерине сиңип кеткендиги да жалпы элди өкүндүрбөй койбоду.
Мындан тышкары А.Акаевдин учурунда үй бүлөлүк башкарууга айланып, бийлик бутактарында тууганчылык, уруучулук, жердештик, түндүк-түштүк, трайбализм, кошоматчылык, паракордук күчөп, акыйкатсыздык өкүм сүрүп, бийлик эл ишениминен биротоло ажырады. Элдин ишенимин актабаган бийлик башчыларына Кыргызстандагы көпчүлүк эл каршы чыгып, 2005-жылы 24-мартта жалпы эл жаңы бийликти орнотконго жетишти. Ошентип, жаңы бийликтин жетекчилигине, К.Р. Президенти болуп К.С.Бакиев шайланды. Ал ошол учурда эски бийликтин кетирген кемчилдиктерин жөнгө салуу максатында жалпы жарандык баш кошууга, коомдун адеп-ахлактын жана социалдык маданий өнүгүүсүнө көмөктөшө турган идеология керек экендиги жөнүндө 2005-жылдын 30-декабрында атайын буйрук чыгарып, анын негизинде Кыргызстандын мамлекеттик (улуттук) идеологиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топтун төрагасы А.Мадумаров, анын орун басарлары К.Р. Президентинин админстрациясынын стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Укулов, Кыргыз Республикасынын Маданият министри С.Раевдер менен бирге бир топ Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуу ишмерлери кирген. Тилекке каршы, алар учурдун талабына ылайык келечектүү, руханий, тарбиялык, мамлекеттин өнүгүүсүнө шайкеш келген идеологияны жазыша алышкан жок. Ошол учурда коомчулук тарабынан ал жазылган идеология коомдун өнүгүүсүнө жараксыз экендиги жөнүндө басма сөз маалымат каражаттарынан сын-пикирлер айтылып, ага сунуштар жазылган. Андагы идеологиялык сунуштарда жаңы коомдо демократиялык жол менен элдик бийлик өкүм сүрүп, бийлик тарабынан эгемендүүлүккө доо кетирбестиги белгиленип, Кыргызстандын кызыкчылыгын алдына коюш керек экендиги белгиленген болчу. Андай идеологиялык сунуштар коррупцияланган өкмөт менен Президенттин жеке кызыкчылыгына каршы келгендиктен идеологияны аягына чыгарбай токтотуп коюшкан.

1 2 3Кийинки

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы