МАДАНИЯТ

Кыргыз Республикасынын идеологиясы

Кыргыз мамлекетинин бийлигинин коррупцияга баткандыгынын айынан К.Бакиев А.Акаевдин бийлик башкаруудагы кетирген кемчиликтеринен жыйынтык чыгарбастан, кайрадан эле анын жолун улантып, ал кетирген кемчилдиктерди кайталаган. Анысы аз келгенсип, К.Бакиевдин бийлигинин тушунда стратегиялык мааниси бар обьектилерди, тактап айтканда, «Кыргызтелеком» чакан ГЭС менчик мекемелерге арзан баада сатылган. Аны менен бирге турак-жай, электр энергия, жылуулукту камсыздоо үчүн бааларды кескин түрдө көтөргөн. Мындай баалардын көтөрүлүүсүнө эл нараазычылыгын бийликке билдиришкен. Жалпы элдин кызыкчылыгын талашкан оппозициянын адилеттүү талаптарына К.Бакиев маани бербей, жеке бийликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамына да өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылган. Ошондой эле К.Бакиев баласы М.Бакиевди мыйзамсыз түрдө Өнүктүрүү фонду ЦАРИИге жетекчиликке, ал эми чет элдик жарандарды болсо ага кеңешчи кылып дайындаган. А.Акаевдин бийлиги кулаган учурда анын бийликтеги кетирген кемчилдиктерин кайталабаймын деп кыргыз элине убада берген К.Бакиев да элдин ишенимин актай алган жок. Анын адилетсиз жүргүзгөн бийлигине миңдеген элдер нааразы болуп, 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Бакиевдин бийликтен кетүүсүн талап кылышкан. Өз бийлигинен ажырагысы келбеген бийлик ошол учурда өз элине куралдуу күч колдонуп, анын натыйжасында 100гө жакын адам каза болуп, революциялык жол менен экинчи жолу Кыргызстанда бийлик алмашты.
Ошентип, кыргыз эли 2 жолу бийликке алданды. Эркиндикти сүйгөн элибиз үй бүлөлүк башкаруудан кутулуп, жаңы бийлик башкаруу системасын тамырынан өзгөртүп, демократиялык жол менен өнүгүүнү тандап алды. Кыргыз мамлекетин Парламенттик башкарууга айлантты. Тилекке каршы, Парламенттик башкарууга ички, тышкы ар кандай саясий күчтөр тоскоолдуктарды жаратпай койбоду. Ал тоскоолдуктарга карабай Кыргызстандын келечеги үчүн парламентке шайланган депутаттар бир келишимге келип, коалицияны түзүп, Жогорку Кеңештин төрагасын жана Өкмөттү шайлап, толук кандуу Парламенттик башкаруу системасы өлкөбүздө күчүнө кирди. Эми Кыргызстанда парламенттик башкарууга жетиштик, мындан ары Кыргызстандын экономикасы тез арада көтөрүлөт деген түшүнүк туура эмес. Өлкөбүздө кандай башкаруу болбосун тең салмактуулук бийлик орноп, Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн биринчиден адилеттүү башкаруу, экинчиден коррупцияга каршы бийлик күрөшүүсү керек. Басма сөз маалымат каражатттарында белгилегендей Эл аралык уюмдардын айтуусунда Кыргызстан коррупция боюнча башка мамлекеттердин арасында 168 орунду ээлейт деген маалыматтар туура эмес. Эгерде, эски башкаруу бийлигинин аткарган кызматына баа берип, анализ жүргүзсөк, Кыргызстан чет мамлекеттерге салыштырмалуу коррупция боюнча 168чи орун эмес, алдыңкы 1-3- орунду ээлейт десек жаңылышпайбыз. Ага далил катары мисалдарды келтирсек, эч кимге жашыруун сыр эмес. Себеби, Кыргызстанда бардык кызмат орундары сатылып келген. Атап айтканда, айыл өкмөттөн баштап, аким, губернатор, министр ж.б.у.с. Ошондой эле сот, милиция, прокурор, СНБ, бажы, салык инспекциялары коррупцияланган. Жөнөкөй эле мисалды алсак, адам ооруп, орууканага барса, акчасыз жатууга орун жок, ошондой эле бала бакчага, мектепке, баласын алып барса да, шаар жерлерде акча бермейинче аларга орун табылбашы элибизге маалым.
«Орууну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» демекчи биз коомубуздагы коррупцияны жашырып, аны менен мамлекет чара көрбөсө, эч качан Кыргыз мамлекети өнүгө албайт. Жогорудагы келтирилген мисалдардан жыйынтык чыгарсак, биз чет өлкөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен анализ жүргүзбөй, өзүбүзгө өзүбүз анализ жүргүзө турган мезгил өтүп жатат.
Коррупцияланган бийликтин кайдыгерлигинин натыйжасында учурда Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд долларга жетти. Биз кыргыз эли келечек муундарыбызга материалдык мурас калтыруунун ордуна алардын эсебинен кен байлыктарыбызды чет элдиктерге ит бекерге сатып, жашаганыбыз туура эмес. Албетте, бул көрүнүштөр бийликтин шалаакылыгынан жана мамлекеттик идеологиянын жоктугунан. Ошондуктан кыргыз эли бирдикте мамлекетибиздин өнүгүү жолун аныктап, туура жолго багыт албасак, ата-бабаларыбыздын каргышына жана урпактардын наалатына калышыбыз талашсыз.
Кыргызстандын экономикасынын өнүкпөгөндүгүнүн негизги себеби эмнеде?
Анын себеби, биздин бийлик жетекчилер акчага азгырылып, чет өлкөлөрдүн акчасына сатылгандыгында. Ошондуктан, учурда жаңы үчүнчү бийликтин алдында чоң жоопкерчиликтер турат. Биринчиси, эгемендүүлүктү сактап, элдин ынтымактуулугун чыңдоо болсо, экинчиси өлкөбүздүн экономикасын көтөрүп, элибизди маданияттуу кулдуктан куткарууда турат. Себеби, 19 жылдан бери биздин бийлик жетекчилер стратегиялык мааниси бар обьектилерди, тактап айтканда, мамлекеттин казынасына чоң киреше түшүүчү тармактардын үстүнөн жеке кызыкчылыкты көздөп, алмайын алып, чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгына ар кандай келишимдер түзүлгөн. Ал келишимдерди бийлик Кыргызстандын кызыкчылыгына карап чыкмайынча кайырчылык менен салыктын эсебинен эч качан өнүгө албайбыз. Негизинен киреше түшүүчү чоң тармактар мамлекеттин карамагында болууга тийиш. Андыктан биздин бийлик жетекчилер үчүнчү жолу да элди алдабашы керек. «Элдин көзү көрөгөч» дегендей, эл бийликтин мамлекет үчүн кандай иш-аракеттерди жүргүзүп жаткандыгын көрүп турат. Баарыбызга маалым болгондой, ааламдашуу (глобализация) алкагында акыркы жүз жылда айрым бир кичине улуттагы мамлекеттер тилин эле эмес, мамлекети жоюлуу алдында турат деген маалыматтарды окуп, угуп жүрөбүз.
Кыргызстанда жетишээрлик жаратылыш кен байлыктары бар туруп, өнүкпөсө, кийин ал кен байлыктар түгөгөндөн кийин кантип өнүксүн. Ааламдашуу алкагы кийинки 100 жылда эмес, азыркы учурда эле Кыргызстанда байкалууда. Мисалы, АКШ элчилиги коомдук каналдын түзүлүүсүнө жардам катары 110 миң доллар бергендиги көпчүлүккө маалым. Ошондон кийин теледен 3 маал англис тилинде жаңылыктарды жана алардын кинотасмаларын көрсөтүп келген. КТР коомдук каналга айланган учурда да мамлекеттин өзөктүү идеологиясын жүргүзүүсү абзел. Азыркы бийлик жетекчилерибиз да өнүгүү жолун издебестен, чет өлкөлөрдөн грант алганына кызыгып, аларга ишенип, Кыргызстандын негизги киреше түшүүчү тармактарын ит бекерге сатып, элди алдап, келечекте стратегиялык обьектилер жеке менчикке сатылыш керек деп эсептешсе, анда алар да элди алдаган болот. Эгерде, биздин бийлик жетекчилер өз убагында жаратылыш кен-байлыктарыбызды үнөмдүү пайдаланганда, ошол чет өлкөлөрдөн жардам делинген гранттардын суммасынан жүздөгөн эсе көп киреше алышмак. Андыктан, бийлик жетекчилер өнүгүүгө изденүүнүн негизинде чечкиндүү бурулуштарды жасоо учурдун талабы.
Өткөн бийликтин башкаруудагы кемчиликтеринен жыйынтык чыгарсак, элибиз тандап алган демократиялык жолду мындан ары өнүктүрүп, элибиздин татыктуу жашоосун камсыз кылуу үчүн мамлекеттин өзөктүү идеологиясы керек экендигин дагы бир жолу тарых далилдеп көрсөттү. Мисалы, А.Акаевдин бийлигинин тушунда Манастын 7 осуяты мамлекеттик идеология катары кабыл алынды. Бирок, алар элге сиңген жок. 7 осуятты окуу жайларда окуучулар менен студенттер жаттап алган болсо эле, аны сиңди деп айтууга болбойт. Аны качан элге сиңди деп айтууга болот?
Качан гана жарандар осуятта көрсөтүлгөн сөздөргө тарбия аркылуу маани берип, илим-билим аркылуу дилге сиңип, андагы көрсөтүлгөн багыттардын иш жүзүнө ашуусуна адам өз алдынча аракет кылганда гана аны элге сиңди деп айтууга болот. Идеология деген коомго шайкеш келип, өнүгүүгө жол ачыш керек. Манастын 7 осуяты деген идеологияда, көрсөтүлгөн улуттук ар намыс, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу деген сөздөрдөн башкасы жогорку окуу жайларда колдонулган «Теории Государства, и Право» деген китепте ал осуят ачык-айкын жазылып турат. Ал китепте Манастын 7 осуяты дебестен, мамлекеттин ички жана тышкы функциясы деп жазылган. Мисалы, Манас осуяттарынын биринде «Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу» деп жазылган. Эгерде Манас бабабыздын доорунан бери кыргыз эли илим билимге умтулганда, эчак эле мамлекетибиз гүлдөп, биздин космонавттар да айга учмак. Андыктан, руханий тарбиялык идеология чындыкты чагылдырган идеология болууга тийиш. Ошондой эле тарых далилдеп көрсөткөндөй, коомго терс таасирин тийгизүүчү буржазиялык, диктатордук, фашисттик, коммунисттик ж.б.у.с идеологиялардын кыйрагандыгы баарыбызга маалым. Ошондуктан, кандай коом болбосун чыныгы адамдык баалуулуктарды сактаган, бурмаланбаган идеология гана коомчулукта сакталып, уланып келе жатат. «Манас» эпосу кыргыз элинин сыймыгы, тарыхы, энциклопедиясы катары өзүнчө тарбиялык багыттагы идеология болууга тийиш. Руханий тарбиялык идеология 1-2 жылда эле элге сиңбейт. Аны сиңдирүү үчүн мамлекет атайын программа кабыл алып, аны иш жүзүнө ашырууда аны көзөмөлгө алганда гана ал идеология ондогон жылдарда элге сиңери талашсыз. Андыктан, азыркы электрондук заманга мамлекеттин толук кандуу өнүгүүсүнө Манастын осуяты мамлекеттик идеология болууга жетишсиз. Себеби, мамлекеттин өнүгүүсүнө бардык тармактарды камтыган көп кырдуу идеология керек. Ансыз Кыргыз мамлекети эгемендүүлүгүн билимсиз жоготуп, чет өлкөлөргө көз каранды болуп элибиз маданиятуу кулга айлануусу талашсыз.
К.Бакиев бийлигинин тушунда болсо, бийликтин өкүлдөрүжана айрым окумуштуулар биригип, идеологияны көчмөн элибиздин цивилизациясынан алабыз деп элдин башын айландырып, идеологияны табыша албады. Айрым окумуштуу тарыхчыларыбыз болсо, азыркы электрондук коомдо жашап жаткандыгына маани бербей, КТРден эфирге чыгып, «көчмөн элибиздин цивилизациясынан өнүгүүнүн кодун издеп жатабыз»-деп да элге түшүндүрмө бергендери болду. Эми үчүнчү бийлик да коомдун өнүгүүсүнө жараша мамлекеттик идеологияны кабыл албай турган болсо, мамлекеттин өнүгүү багыты мурдагы нугуна түшүп, анда азыркы үчүнчү жаңы бийликке да элдин ишеничи жоголуп, элдин нааразычылыгы бийликке күчөйт. Андыктан, мамлекеттик идеология коомдун өнүгүүсүнө абадай эле керек.
Негизинен алып караганда мамлекетибиздин басып өткөн жолунун өнүгүү багытындагы кемчиликтеринен анализ чыгарсак, мамлекеттик идеология 5 бөлүктөн турат:
– Саясий (башкаруудагы) – Руханий тарбиялык
– Саясий – Сарамжалдуу өндүрүштүк (экономикалык)
– Саясий- Социалдык
– Саясий (укуктук)
– Коррупцияга каршы күрөшүү

Эгерде, аталган 5 бөлүктөн турган мамлекеттик идеология толук кандуу иштебесе, мамлекетибиз өнүкпөй, кайра эле коомубузда чыр-чатак чыгып, бийлик алмашуулар улана бериши талашсыз. Себеби, Кыргызстанда аталган 5 бөлүктөн турган мамлекеттик идеология толук кандуу иштелбегендиктен 2 жолу бийлик алмашты. Кээ бир саясатчылар мамлекеттик идеологияны китеп кылып чыгарбай эле, аны иш жүзүндө аткарса болот деп эсептешет. Андай түшүнүк туура эмес. Өлкөбүздө мамлекеттик идеологиянын калыптанып жазылуусун 19 жылдык тарыхтагы турмуш далилдеп көрсөттү. Эгерде мамлекеттик идеология кабыл алынып калса, кимдер бийликке келбесин (жаштарбы) ошол туура жол менен мамлекетибиз сөзсүз өнүгөт. Тактап айтканда, идеологияда көрсөтүлгөн туура багыттарды бийлик жетекчилери эле эмес, жалпы эл дагы окуп, билип, келечекке элдин ишеними күчөп, коомдун өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт. Коомубузда идеология жөнүндө канчаланган талкуулар жүрбөсүн, мамлекеттик идеология ушул күнгө чейин өзөктүү түзүлүп, калыптанган жок.
Кыргыз эли эгемендүүлүктү алгандан тартып эле өзүнүн төмөнкүдөй өзөктүү идеологиясы болуусу керек эле.
Эгемендүүлүк деген эмне?
Эгемендүүлүккө кыргыз эли канча жылда жетти жана анын баркы эмнеде? Эгемендүүлүктү мындан ары кантип сактайбыз? Эгемендүүлүккө кайсы учурларда доо кетет? Мамлекет тарабынан кандай иш аракеттер болгондо, өлкөбүздүн экономикасы көтөрүлөт? Жаратылыш кен байлыктарыбыздын кантип үнөмдүү иштетип, аны өнүктүрүп, келечек муундарга мурас калтырабыз?

Мурунку 1 2 3Кийинки

Жооп калтыруу

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы