МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Туулган жерим Кадамжайды сагынам

пос.Фрунзе.
Тууган жердин топурагы алтын – деген калкыбызда нускалуу кеп бар.
Ошондуктан адам баласы киндик каны тамган, туулган жеринен канчалык алыс жүрсө, сагынып кадырын билет экен.
Эл катары жумушсуздуктун айынан Москвада иштеп жүрсөм, 68 жаштагы Фатима аттуу чечен аял жолукту. Кайсыл жерде кыргыздарды көрсө, кыргызча сүйлөп, салам айтып, өзүнүн бир тууганыдай көрөрүн жашырган жок. Анткени Мухаммад пайгамбардын күйөө баласы айтылуу Азирет Алинин кадамы түшкөн касиеттүү Кадамжайда туулуп өскөн экен.
Фатиманын айтымында, бактылуу балалыгы, эстен кеткис окуучулук күндөрү, Горная көчөсүндөгү кичинекей тамда өтүптүр.
«Менин тарыхый мекеним да туулган – жериме аябай окшош. Бийик тоолор, бак-дарактар, жашылча-жемиштер, аппак агып жаткан суусу бардыгы бар. Бирок, бир гана тынчтык жетишпейт. Себеби жүрөктү түшүргөн кандуу согушту өз көзүм менен көрдүм. Тынчтык болбосо, тоодой байлыктында, атак – даңктында кимге кереги бар.
Ошондуктан айтаар элем: тынч өлкөдө жашаган эл, дүйүнөдөгү эң бактылуу адамдар.
Жашым өткөн сайын, Кадамжай көп түшүмө кирет. Бийик тоолорун, шаркырап аккан «Ак-суу» дарыясын, Жийделиктин көлүн, азиз жерди кылымдардан бери мекендеп жашап жаткан элини сагынам. Ошол ыйык жердин нанын жеп, суусун ичкениме таазим кылам. Элинин боорукерлиги, мейман достугу эстен кетпейт. Ата-энемдин сөөгү да ошол жерге коюлган».
1970-жылы Кавказга кеткенден бери, Кыргызстанга бир да жолу бара элекмин. Өзүмдүн азиз, ыйык туулган-жериме бир барып, ата-энемдин арбагына куран окуп, көз жумсам арманым жок эле» – дейт көзүнө жаш алган жердешибиз.

Акматбек Асанов, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

«Жогоруга кайтуу» баскычы