МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

БАЛТА ЭНЕ 100 ЖАШТА (фото)

el_kdm_001Биз сөз кыла турган инсан Орозбеков айыл аймагынын Кара-Кечүү участкасынын тургуну Акматова Балта эне. Ал 1913-жылы туулуптур. Балта эненин чалы Акматов Бекчал 1969-жылы оорунун айынан каза табат экен. Алар 8 перзент таап, бирок уул-кызы турбай, 2 гана кызы жашап калыптыр. Кызы Бекчалова Кумуру 1945-жылы жарык дүйнөгө келиптир. Кумуру эже Жалал-Абаддын Токтогул районуна турмушка чыгып, бүгүнкү күндө небере-чеберелүү. Кийинки кызы Акматова Токто 1956-жылы туулган.

Балта эне 2 кызы менен                         Сүрөттө - Балта эне 2 кызы менен

Бүгүнкү күндө Балта эне ушул Токто аттуу кызынын колунда. 1 кылым жашаган Балта эненин бүгүнкү күндөгү абалы жакшы. Тамакка болгон табити аябай жакшы экен. Сүйлөшүп келсең, сүйлөгөн сөзү орундуу, эс тутуму да өз ордунда экен. Бирок, карылык деген карылык экен, угуусу жана көрүүсү гана начарлабаса, аны неберелери жетекке алып, бастырып жүрүшөт.
Балта эненин бүгүнкү күндө 14 небере, 32 чебере, 4 кыбырасы бар. Балта энени кыздары, неберелери, кала берсе чеберелери аздектеп карашат.
Жакында Балта энеден таркаган бүт туугандары чогулуп, анын 100 жашка чыгышын белгилешти. Кыздары, күйөө балдары, небере-чеберелери дагын-да Балта эненин өмүрүн тилешет.

«Эл жарчысы»

 

Нравится

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы